Бул жолу “Жогорку Кеңеш”, “Билайн”, “Супер-Инфо” жана “Ырчылар & бийчилер” командаларына назар таштайбыз. “Тамашоу” командасынан Нурлан Жаныбековдун колу сынып, анын орду Намаз Мукулов (“Позитив” командасынын үн режиссёру) менен толукталса, бутунан жаракат алганына байланыштуу "Кока-Кола" командасынан Елена Пахомованын ордуна компаниянын коммерциялык директору Нурлан Рашалиев кошулду. Ал эми “О” командасынан Владимир Еременко 2010-жылы “Норус” (Новопокровка) командасынын курамында футбол боюнча КРнын I Лигасында ойногондуктан командадан четтетилип, орду толукталган жок.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
“Супер-Инфонун” кубогу калыс жана татыктуу өтүү үчүн төмөнкүдөй эрежелер иштелип чыккан:
! 1) Командалар мелдешке гезитте жарыяланган курамда гана катыша алышат.
Өзгөртүү киргизүүгө уруксат жок. Эгер кандайдыр бир себептерден улам тизмедеги оюнчулар келбей калышса, команда аларсыз ойноого мажбур болот.
! 2) Талаадагы 11 оюнчунун кеминде экөөсү айым футболчу болуусу керек.
Эгер кыз болбосо, 3:0 эсебиндеги жеңилүү жазылат.
! 3) Тизмедеги оюнчулар сөзсүз ошол компаниянын кызматкери болушу шарт, жок дегенде акыркы 1 ай ичинде.
Оюнчунун ал компанияда иштебей тургандыгы аныкталса, оюндан четтетилип, орду башка менен толукталбайт.