19-майда Мюнхенде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы өттү. Мюнхендик "Бавария" өз үйүндө лондондук "Челси" менен 1:1 эсебинде тең ойноп, оюндан кийинки пенальтилер сериясында уттуруп жиберди (3:4). "Челси" чемпиондукту атаандаштын үстөккө-босток уюшулган чабуулдарынын мизин коргонууга жатуу менен кайтарып, жеңди. Голдорго келсек, 83-мүнөттө немистерден Томас Мюллер эсепти ачса, 88-мүнөттө лондондуктардын "кара дүрмөтү" Дидье Дрогба теңеди. Кошумча убакытта "Бавариянын" чабуулчусу голландиялык Арьен Роббен 11 кадамдык айып соккусун аткара албай калды.
Орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин кыялы орундалып, "Челси" УЕФАнын ЧЛсын жеңди. Бул чемпиондук үчүн Роман аке 9 жыл жана 1,5 миллиард доллар коротсо, "Челсинин" башкы машыктыруучусу Роберто ди Маттеого 4 ай жетиштүү болду. Ошондой эле "Челси" аталган кубокту уткан биринчи лондондук клуб болуп калды.