19-майда өлкөбүздөгү кесиптик лицейлердин системинин 70 жылдыгына карата 58-республикалык спартакиада жыйынтыкталды. 6 күнгө созулган мелдеш Эмгек резервинин майданында өтүп, ага өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген 532 окуучу катышты. Республикалык дене тарбия жана спорт борборунун Эмгек резервинин директорунун орун басары Эркинбек Уметалиев билдиргендей, 7 спорт түрү боюнча өткөн мелдеште биринчиликти үй ээлери – бишкектик окуучулар колдон чыгарышкан жок. Мыкты даярдык менен келген Чүй облусунун окуучулары 2-орунга арзышса, 3-орунду Таластын кулундары бөктөрүп кетишти.
Жаштарды спортко тартууга багытталган саамалык жыл сайын кучак жайып, улам кеңейип баратканын айтышат уюштуруучулар. Албетте, ийгилик каалап кетмекчибиз.