"Евро-2012ни" күтүп жаткан футбол сүйүүчүлөрүнө сүйүнчү! 8-июнда старт алуучу Европа чемпиондугун КТРК жана НТС каналдары түз алып берери маалым болду.
КТРК менен "Казына" сайтынын кубогу үчүн өткөн стол тенниси боюнча ММК кызматкерлери арасында өткөн мелдеште 1-орунду Кыргыз радиосунун кабарчысы Жаныбек Эсеналиев утуп алды. 2-орунду Медербек Чыныбаев (А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестрдин скрипкачысы), 3-орунду КТРКнын спорт баяндамачысы Кубан Атабеков ээледи.
2-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосу дагы шаңдын алдында калат. Бул күнү вале-тудо боюнча Кыргызстан жана Казакстандын тандалма 10дон мушкери 10 салмак категориясында күч сынашат. Көптөн бери көрүнбөй кеткен Кобра, Монгол, Кылыч лакап аттуу мушкерлерибизди ушул жерден көрө алабыз. Өткөрүп жибербеңиз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.