СҮЙГӨНҮҢҮЗДӨН СҮРДӨП, ЫҢГАЙСЫЗ АБАЛГА ТУШ БОЛДУҢУЗ БЕЛЕ?

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ:
– Сүрдөнүү ар бир сүйүү сезимине кабылган адамда болсо керек. Мен өмүрүмдө бир жолу сүрдөгөнүм эсимде. 1995-жылы 4-февралда сүйүктүү жубайым Нурзада менен таанышканымда сүйлөйүн десем, сөзүмдүн баш-аягын таппай, өзүмчө эле тартынып, кызыктай болгомун. Көрсө, мен андан сүрдөгөн экенмин. Ошол сезимдерден улам “Ашыктык ыры” деген комуздун коштоосунда ырдала турган ыр жазгам. Бирок, бул ырды жубайыман башка эч кимге ырдап бере элекмин.

ГУЛНАРА ТОЙГОНБАЕВА:
– Сүрдөнүү жаш кезде болот эмеспи. Анда мен студент болчумун. Жогорку курстагы бир жигитти жашыруун жактырып жүрчүмүн. Бир жолу жатакананын жанындагы аянтта баскетбол ойноп жатсак, ошол жигит келип оюнубузду көрүп жаткан топ элдин арасына кошулуп калды. Ага чейин жакшы эле ойноп, упайларды алып жаткан элем. Жактырып жүргөн адамымдан сүрдөнүп кеттимби, айтор, урган топторум туш тарапка кетип, ойной албай калгам.

АЙБЕК КАРЫМОВ:
– Бир жолу катуу сүрдөгөнүм эсимде. Анда студент кез. Келинчегим менен жаңы мамиле түзүп жүргөн учурум эле. Дос балдар болуп сүйлөшүп жүргөн кыздарыбызды ээрчитип Арсланбапка эс алганы бардык. Болушунча эс алабыз деп акчаларыбыздын баарын түгөтүп алыптырбыз. Анда студент­терде жыргаган деле акча жок да. Үйгө жол тарталы десек, бирөөбүздө да бир сом жок. Кыздарыбызга айткандан уялабыз. Таксилерди тосуп «ала кетиңиз» десек бирөөсү да көнбөйт. Кыздарга «таксилер биз тарапка барбайт экен» деп коёбуз. Ошентип, жолдо эки саат кете албай турганбыз. Сүрдөгөнүмдү эми айтпа. Кийин келинчегиме айтып берсем «менде акча бар болчу, сурабайт белең» деп жатпайбы.

ГУЛНАРА КАЛДАРОВА:
– Негизи, мен көп сүрдөнбөйм. А бирок, жолдошум Мырзабек менен биринчи жолугууга барганымда бир аз сүрдөнүп, ыңгайсыз абалда болгон элем. Ал сүрдөгөнүм өзүмдөн башка эч кимге байкалбаптыр. Анткени, Мыр­забек жолугууга катуу даярданып барган экен. Көп­төр­дөн мени өтө ачык, шайыр деп угуп, ал сүйлө­сө мен отуруп калбайын деп мага сөз бербестен өзү сүй­лөй берип, менин ыңгайсыз абалда отурганымды сезген эмес экен.

КУБИК КАЛЫКОВ:
– Мен турмушумда бир эле жолу сүр­дө­гөм. Ал кезде мен Ноокенде маданият үйүндө иштеп жүрчүмүн. Бир күнү райондук ишембилик болуп, райондук мекемелер, айыл өкмөттөрүнүн баары ишембиликке чыкты. Ошондо жеңеңди биринчи жолу көрүп жактырып калган элем. Ал кыздар менен чоң арыктын аркы өйүзүн­дө, мен өзүмдүн бригадам менен берки өйүздө иштеп жаткам. Мени менен иштеп жаткан келиндер тийишишип “аркы өйүздөгү сулуу кыздарды көрдүңбү, кыйын болсоң ошол жакка өтчү” деп калышты. Намыстанып кетип күрөктү суунун ортосуна сайып аркы өйүзгө өтсөм кыздардын баары, анын ичинде болочок жубайым да карап туруптур. Ошондо сүр­дөгөнүмдү сураба. Эмне кылаарымды билбей арыктын жээгин күрөк менен тазалай баш­тагам.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 197, 11-17-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан