ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (28-майдан 3-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада иштериңизде жакшы ийгиликтерге жетишесиз. Шаршембиде кимдир бирөөгө берген убадаңызды аткарууга туура келет. Жакын тууганыңыз менен сиздин ортодо пикир келишпестик жаралышы мүмкүн дешет жылдыздар. Жума күнү капчыгыңыз кампайып сүйүнөсүз. Апта соңунда эс алууга убакыт бөлүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде көп аракет жумшап, чечилбей келген маселелерди чечүү жолдорун табасыз. Бирок чечим кабыл алууда кылдат болбосоңуз, эмгегиңиз текке кетерин жылдыздар эскертет. Дем алыш күндөрү буюм сатып алуу үчүн базарга баш багасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында күтүүсүз эски таанышыңызга туш болосуз. Апта ортосунда чыр-чатакка жол бербей, эмоцияга алдырбоого тырышуу кажет. Апта соңунда көңүл ачуучу жайларга баш багууңуз күтүлүүдө. Бирок ичимдик ичүүдө ден соолугуңуз кескин начарлап кетиши мүмкүн. Ичпей эле коюңуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө курч, учтуу буюмдарды колдонууда этият болуңуз, денеңизге жаракат келтирип алышыңыз мүмкүн. Жеке мамиледе жаңы сүйүү романы башталып кетишине жол бербеңиз. Ал азгырык гана. Андыктан азгырыктуу чакырыктан баш тартыңыз. Бейшембиде акча иштерине так болуп, алдамчылардын тузагына илинбөө кажет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада ишиңизге байланыштуу чечимдерди кабыл алуу эртелик кылат. Жакшысы, кийинкиге жылдырыңыз. Көпчүлүктүн алдында жасаган билдирүүңүз маанисиз болуп, кадыр-баркыңызды түшүрүшү мүмкүн. Андыктан ар бир сөздү орду менен сүйлөө зарыл. Шаршемби – сезимдерди билдирүүгө ыңгайлуу күн. Мурда сизди алдап кеткендердин бети ачылышы күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жетекчилик жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Эмоцияга алдыруунун арты өкүнүч менен аяктаарын эске алыңыз. Жума күнү жаныңыздагы буюмуңузду жоготуп алуудан этият болуңуз. Жекшемби күндөрү иш боюнча жаңы сунуш түшүшү мүмкүн, бирок сизге пайдалуубу же жокпу, анализдеп көрүп, анан чечим кабыл алыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ишкерлер үчүн ийгиликтүү макулдашуулардын аптасы. Кызматкерлердин айлыгы жогорулап, сыйлыкка ээ болушу күтүлүүдө. Шаршембиде ден соолугуңузга зыян келтирип албайын десеңиз, жолдо жүрүүдө этият болуңуз. Аптанын соңунда романтикалуу жолугушууну баштан кечиресиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Иште ийгилик жаратуу үчүн чечкиндүү кадамдарга баруудан коркпоңуз. Шаршембиде кандай маселе болбосун аны чечүүгө аракет кылуу керек. Бейшембиде түзүлгөн шарттан пайдаланып эс алууну көздөңүз. Жекшемби жол жүрүүгө кооптуу болгондуктан, белгиленген сапарды кийинкиге жылдырууну жылдыздар сунушташат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү майда иштерге убакыт коротпой, маанилүү деген иштерди бүтүрсөңүз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз. Шаршембиде кандайдыр бир ишке катышууга сунуш түшсө, баш тартканыңыз оң. Ал иштен пайда чыкпайт. Апта соңунда конокко чакырыласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта сиз үчүн оор болушу күтүлүүдө. Документ иштеринде тактык керек. Дос, тааныштарга дайындап бүтүрбөй, өзүңүз башында туруп аралашууңуз зарыл. Бейшембиде жалган маалыматка ишенип түгөйүңүз менен чырдашуудан алыс болуңуз. Апта соңунда эң жакын деген адамыңыз саткынчылык кылып, маанайыңыз чөгүшү мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичи жагымдуу маанай тартуулаган окуяларга бай. Жаңы таанышуулар, жолугушуулар... Келечекте көп пайда алып келе турган сунуштар да түшүшү мүмкүн. Акчаны үнөмдүү колдонбосоңуз, карыз суроого туура келерин унутпаңыз. Жума күнү баарына бирдей мамиле кылсаңыз, таарынышуулардын алдын алган болосуз. Жекшембиде коомдук жайда сак болуңуз. Капчыгыңызды же баалуу буюмуңузду уурдатып жиберишиңиз мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада жакындарыңыздын оюн эсепке алуу менен иш кылыңыз. Болбосо ишиңиздин жүрүшүнө алардын нааразычылыгы терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бейшембиде үйүңүзгө буюм сатып алууга убакыт бөлөсүз. Ишембиде алыскы туугандардан кайгылуу кабар келиши мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
welkome
2012-05-29 19:06:04
Мага оор болот окшойт...
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан