(Башы өткөн сандарыбызда)
Жаннатты “үй-бүлөм, балдарым эмне болот?” деген суроо кайрадан курчады. Жаныбек менен балдарын "үйгө кайткыла" деп шашылыш чыгарып ийди. Алар чыгып кетери менен өксүп ыйлай керебетке бой урду. Курбусуна кайра-кайра телефон чалат, жооп жок, өчүк. “Кулагым тынч болсун деп телефонуңду өчүрүп коюп, Уланың менен отурган чыгарсың. Сени ушинтет деп ойлобопмун. Жаныбекке турмушка чыгууга макулдугун бербейт дегем. Бирок макул болгон соң кайра артка кайтат деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сен, сен... акмак экенсиң. Акма-ак!” Күбүрөнүп ыйлап да, сүйлөп да жатты. Ал учурда Улан менен Тумар чогуу эс алып, кечке тамактанып келүүгө кетишкен болчу. “Бүгүн үйгө келбейбиз” деп алдын ала пландап алышкан.
Таң эрте Жаныбектин жумушка кетер маалын болжолдоп, Тумар үйгө кирип келди. Жаныбек айтпаса да баарын билип тургандыктан, түнкүсүн кайда кетти, эмне болду деп ойлонгон деле жок. “Кайдан келдиң?” деп сурабады. Жөн гана күлүп учурашкан бойдон чыгып кетти. Анын бул кылыгы Тумарды түйшүккө салып, жашырган чындыгын Жаныбек билип алгандай туюлду. Түшкө жакын гана Тумарга Жаннат телефон чалып, тезинен келип кетүүсүн өтүндү. Курбусунун бар чындыкты билип алгандыгын Тумар анын үнүнөн эле түшүндү.
– Тумар, бул эмне кылганың? Мен сага ишенбедим беле?- деген сөздөр менен тосуп алды курбусу.
– Сага эмне болду? Эмне жөнүндө айтып жатасың?
– Билмексен болгонду кой, мен Улан экөөңөр жөнүндө баарын билип алдым. Жашырам деген аракетиң текке кетет. Сен чыккынчы экенсиң. Сөз бербедиң беле мага?! Менин балдарымдын энеси болууга макулдугуңду өзүң бергенсиң да, туурабы?! Эми эмнеге минтип жатасың?
– Койчу, Жаннат, антпечи. Жакында сен Москвага барып дарыланасың, көрөсүң го, айыгып келесиң.
– Мени алдабаган сен эле калдың эле. Керек эмес, мага андай кулак жибиткен сөздөрдүн. Ачыгын айтчы, өз оозуңдан угайын, уккандарымдын баары чынбы?
– Ооба, чын.
Тумар канчалык Жаннатты алаксытууга аракет кылбасын, жыйынтык болгон жок. Ал ачууга алдырып, курбусун урушуп, кээде сөгүп, акыры алсырап үн-сөзү жок жатып калды. “Жаныбек го мейли, балдарым эмне болот? Балдарым эмне болот?” деген үч сөздү шыбырап, башын мыжыккан бойдон жата берди.
Тумар үйгө барары менен эле Уланга ыйлап жиберди.
– Сага эмне болду?
– Баары ачыкка чыкты, Жаннат экөөбүздүн мамилебиз туурасында билип алыптыр.
– Хе. Ага эмне анча ыйлап? Билсе эмне болуптур? Биле берсин, кайра жакшы эмеспи. Качанга чейин жашынып жүрө бермекпиз? Ошого да ыйлайсыңбы?
ххх
Чындык ачыкка чыккандан бери Тумардын көңүлү суз. Курбусунан уялганынан ага барбай да калды. Экөө кээде гана телефон аркылуу сүйлөшүп коюшат. Анда да балдар жөнүндө гана. Самат менен Айжамал Тумарга биротоло көнүп алышкан. Кайда барбасын экөө эки жагында эгиз козудай ээрчип жүрүшөт.
Тумардын апасы таарынычын унутуп, Жаннаттын балдарын өз небересиндей көрө баштады. Ал тургай балдардын келечеги үчүн Жаныбекке турмушка чыгууга да уруксатын берген. Кемпирдин Уландан, кызынын турмушка чыгып алганынан кабары жок.
Улан Тумарды бир күнү киного чакырса, кийинки күнү концертке чакырып, көңүлүн ачуу менен убара. Бүгүн да экөө шаардын сыртына барып, тоонун таза абасында эс алып келүүнү чечишкен. Тумар Жаныбекке чалып, балдарды дайындады. Ошол сүйлөшүлгөн бойдон Улан экөө шаардан чыгып, тоо тарапка бет алышты.
Жаныбек бүгүн шаарда эле болушу керек болчу. Бирок пландар өзгөрүп, Алматыга барып келүү муктаждыгы пайда болду. “Тумарга чалып коёрмун” деген бойдон ал өз иши менен Казакстанды көздөй жол тартты. Жолдо баратып Тумар менен Уланга канча ирет чалса да “абонент жооп бере албайт” дегенден башка сөз жок. Айласыздан “макул, кечке чейин жетишип келип калам” деген бойдон жолун улады. Бирок “талаадагыны үйгө болжобо” демекчи, жагдай өзү ойлогондой болгон жок. Иштери менен эки сааттай кармалып калды. Балдарына ашыгып катуу ылдамдыкта келе жатып, күтүүсүз жерден машинасы эки оодарыла түштү. Сүйрөлүп унаадан сыртка чыккан бойдон Жаныбек эсин жоготту.
Күн кечтеп, күүгүм кире баштаган маалда ооруканада жаткан апасына Самат келип калды.
– Ой, Самат, сен кайдан? Өңүң да жакшы эмес го, бопбоз болуп алыпсың. Ким менен келдиң?
– Өзүм эле. Бүгүн мени алып кеткенге атам да, Тумар эжем да келишкен жок. Сабактан кийин маршруткага түшүп өзүм барсам, үйдө да эч ким жок. Караңгы кирип бараткан соң сизге келе бердим,- деп бала даттанып кирди.
– Айжамал кайда?
– Билбейм.
Баласын бооруна кысып, Жаннат бир сыйра жашып алды. Ачуусу келгенинен колдору калтырап жатты. Жаныбекке чалса жооп бербейт, Тумарга чалса “абонент жооп бербейт” дейт. Айласы кеткен эне тааныштарына, аяштарына, туугандарына четинен чалып, Айжамалды бала бакчадан алып келип берүүсүн өтүнүп жатты. Кудай жалгап, Жаныбектин досу Нурлан ошол маалда бош экендигин айтып, жардамга келди. Ансыз да бала бакчадагы балдардын эң артында калып, караңгыда ыйлап калган Айжамал апасы менен көрүшөр замат кучакташып ыйлап жатышты.
– Берекелерим менин, бизди кечиргиле.
Шартты түшүндүрүп, ооруканадан уруксат алып, Жаннат балдарын бүгүн жанына алып жатмай болду. Экөөнү эки жагына кучактап көпкө жатты. Экөө уктаганча алардын көзүнчө ыйлабаганга аракеттенип, уулунун сабагын сурап, кызынын ырларын угуп отурду. Жашоодон үмүтү үзүлгөн эненин ойлорунда таарыныч, кусалык, жек көрүүдөн башка эч нерсе жок эле. “Байкуш гана балдарым, ай. Менин көзүм тирүү турганда ушундай кордук көрүп жатасыңар, өлүп калсам кантер экенсиңер? Экөөң эки жакта ыйлап жүрүп чоңоёт турбайсыңарбы, шордууларым. Ишенген Жаныбегим менен Тумарым эмитен минтип жүрүшсө, кийин силерди жыргатышпайт деле көрүнөт. Тумардын жайы го белгилүү, сүйгөнү менен жүрсө керек, атаңарга эмне жок десең?! Анын үстүнө бир аз жаш да болуп жатпайсыңарбы. Дагы үч-төрт жыл жашаганымда аз да болсо силер чоңоюп калмак экенсиңер, өзүңөрдүн оокатыңарды кылып. Ошентсе да экөөң бири-бириңе жөлөк болуп, ынтымакта жүрсөңөр экен” деп эч нерседен капары жок уктап жаткан балдарын алмак-салмак карап, көз жашын мөлт-мөлт төгүп жатты.
(Уландысы кийинки сандарыбызда)
Айнура Болот кызы