ТАШ ТӨШӨЛГӨ ТӨШӨӨНҮ ҮЙРӨНҮП АЛЫҢЫЗ

БИРИНЧИ КАДАМ

  • Алгач таш төшөлгө (брусчатка, плитка) төшөлүүчү аянтты белгилөө керек.
  • Белгиленген аянт 15 сантиметр тереңдикте казылат. Казып жаткан учурда аянттын бир жак тарабын бийигирээк, ал эми экинчи тарабын жапызыраак кылуу зарыл. Бул жаан жааганда таш төшөлгөнүн үстүнө көлчүк пайда болбой, суунун агып кетишин шарттайт. Жантайыңкы абалды түзүү үчүн 1 метр узундукка 5 миллиметр айырма туура. Мисалы, аталган узундуктагы аянттын бир жак тарабынын тереңдиги 15 сантиметр болсо, экинчи тарабынан 5 миллиметр кемитүү керек. 2 метр болсо, суу агып кетүүчү тарабы 10 миллиметрге жапызыраак болот.
  • Андан соң аянт жакшылап тапталат. Бул үчүн таманы түз, салмактуу темирден же жыгачтан жасалган таптагыч жарайт.

ЭКИНЧИ КАДАМ

  • Аянт даяр болгондон кийин жээк таш төшөлгөлөрдү (бордюр) орнотуу үчүн жип тартылат. Бул анын түз орнотулушуна жардам берет.
  • Эми цемент менен кумдан аралашма (раствор) даярдоо керек (беш чака кумду бир чака цементке аралаштырып даярдайбыз).
  • Эми аралашманын жардамы менен жээк таш төшөлгөлөр менен аянттын чети тосулат.

    

ҮЧҮНЧҮ КАДАМ

  • Четтерин тосуп алгандан кийин анын ичине 5-7 сантиметр калыңдыкта кесек кум же майда шагыл төгүп, түздөп жайып, тапталат.
  • 1/8 өлчөмдө цемент менен кумдун кургак аралашмасын даярдап, 3-4 сантиметр калыңдыкта аянттын ичине дагы түздөп жаюу керек. Акыркы жайылган аралашманын бийиктиги жээк таш төшөлгөдөн 5-10 миллиметр өйдөрөөк болушу шарт. Себеби таш төшөлгө төшөлгөндө кум ылдый карай чөгөт.

   

ТӨРТҮНЧҮ КАДАМ

  • Кезек таш төшөлгөлөрдү төшөөгө жетти. Иш бир жак четинен башталат. Төшөө үчүн атайын жыгач же катуу резинадан жасалган балканын жардамы менен таш төшөлгө салмак менен ургулап тизилет.
  • Таш төшөлгөлөрдү болушунча бири-бирине жакын, тыгыз төшөө зарыл.
  • Түздөлүп жайылган кумдун үстүнөн тебелеп баспай, тизилген таш төшөлгөлөрдүн үстүндө туруп андан ары ишти улантуу жеңил.
  • Төшөө учурунда таш төшөлгө тегиз болбой чөгүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда таш төшөлгөнү кайра алып, астына аралашмадан төгүп, кайрадан төшөө керек (төшөп жатканда түз коюлуп жаткандыгын текшерип турган оң).

БЕШИНЧИ КАДАМ

  • Таш төшөлгөлөрдүн ортосундагы ичке тешиктерди бүтөөгө кум менен цементтен кургак аралашма даярдалат. Мында аянттын көбүрөөк нымдуулукка туш болгон бөлүгүнө (мисалы, үйдүн, кампанын чатырынан суу агып түшүүчү тарабы) 1/3 өлчөмдө, ал эми калган суу көп тийбей турган бөлүгүнө 1/5 өлчөмдө кургак аралашма (кум менен цемент) колдонулат.
  • Тешиктердин ортосун толтуруунун жеңил жолу – аянтка кумду жука сээп, андан кийин чоң щётка менен жайса, убакыт үнөмдөлөт.
  • Акыркы иш – суу чачуу. Суу аралашмаларга сиңип, таш төшөлгөлөрдүн бекемделишин камсыздайт.

ТАШ ТӨШӨЛГӨНҮ КЕСҮҮ
Таш төшөлгөнүн ар кандай формадагылары бар. Мисалы, балык, толкун, пазл жана башка ушул сыяктуу. Мындай таш төшөлгөлөрдүн капталдары түз болбогондуктан, жээк таш төшөлгө менен бириккен бөлүгү бири-бирине туура келбейт. Андыктан таш төшөлгөнү кесүүгө туура келет. Кесүү үчүн атайын алмаз тиштүү араа станок бар. Ал эми үй шартында болгарка жарайт.

БИШКЕК ШААРЫНДА ТАШ ТӨШӨЛГӨЛӨРДҮН БААЛАРЫ

Брусчатка түрүндөгүлөр:

  • Тротуардык таш төшөлгө: 1 м2 – 310 сом.
  • Түстүү тротуардык таш төшөлгө: 1 м2 – 360 сом.
  • Сыртында суудан коргоочу катмары бар таш төшөлгө: 1 м2 – 400 сомдон жогору.

Плитка түрүндөгүлөр:

  • Тротуардык таш төшөлгө: 1 м2 – 240 сом.
  • Түстүү тротуардык таш төшөлгө: 1 м2 – 280 сом.
  • Сыртында суудан коргоочу катмары бар таш төшөлгө: 1 м2 – 400 сомдон жогору.
  • Жээк таш төшөлгө: көлөмүнө жараша 1 даанасы – 90-130 сом.
  • Түстүү жээк таш төшөлгө: көлөмүнө жараша 1 даанасы – 110-150 сомго чейин.
  • Таш төшөлгөнү коюуда жумушчу күчүнүн баасы: 1 м2 – 100-120 сом.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
monchok
2012-05-28 18:19:18
Чоон рахмат аракет кылып кором эми озум.
0
boris8907
2012-06-23 01:35:40
Рахмат жакшы кенеш экен
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан