«АЙГЫР БАЗАР» ТУУРАЛУУ

Бүгүнкү күндө баарын сатып алууга болот. Жадакалса денени жыргалга батырган лаззатты да. Мындай кеп башталса эле көпчүлүк сойку аялдарды элестетишет. Бирок биз жигиттер тууралуу кеп кылмакчыбыз. Акча үчүн айымдардын каалоо-тилектерин аткарып, май көл, сүт көлдө өмүр сүргөн “жиголо”, “гейш”, “хастлер”, “чакырык боюнча балдар” же бизче айтканда эркек сойкулар тууралуу билгиңиз келеби? Анда төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз.

Илгертеден калган нерсе

Тарых барактарындагы кээ бир маалыматтарга таянсак, “эркек сойку” деген түшүнүк байыркы доорлордо эле пайда болгон. Бул кесиптин жаралуу тарыхы байыркы Шумер, Грецияга барып такалат. Бара-бара жалпы Европа өлкөлөрүнө тарай баштаган. Кээ бир маалыматтарда мындай кызматты падыша айымдар колдонгону айтылып келет. Мисалы, улуу Орусиянын ханышасы Екатерина II падыша аскерлеринин мындай кызматы үчүн алтын тыйындарын, жогорку даражадагы чиндерин да аяган эмес.

Эркек сойкулардын кызматын колдонгондор тууралуу

Азыр эркек сойкуларга суроо-талап өстүбү, айтор, аялдардын сойкулугуна теңтайлашып калган учур. Батышта эркектердин сойкулугун акча табуунун кадимки эле жолу катары кабыл алып, эч кандай таң калуу менен деле карашпайт. Бул кызмат менен алек болгондорго мыйзамда жол берилбесе да, жалгыздап иштегендерден тышкары атайын агенттиктер ачылып, анда 20 жаштан 30 жашка чейинки мырзалар иштешет. Мындай агенттиктерден керек болсо айымдардын талабы боюнча белгилүү саясатчылардын, жылдыздардын же тасмалардагы сүйүктүү каармандардын, мисалы, Жеймс Бонд, Штирлиц же болбосо Ван Даммга окшош түгөйлөрүн да табууга болот. Маалыматтарга таянсак, эркек сойкулардын 30 пайыздан ашыгы айымдар көп кыялданган адамга окшош болуу үчүн пластикалык операцияларды жасатканга чейин барышат. Алардын жумушунда келбетке көп көңүл бөлүнгөндүктөн, сөзсүз түрдө спорт менен машыгуу, жумасына бир жолу саунага баруу, сулуулук салондору менен «дос» болуу, стилдүү кийинүүгө көңүл буруу да эркек сойкуларда көнүмүш көрүнүш. Бирок ар бир кардардын талабы анын фантазиясына жараша болгондуктан, кээде эркек сойкулар айымынын ойго келбеген талабын да аткарып калышы мүмкүн. Мисалы, бир эркек сойкунун эскерүүсүндө булар айтылган: “Мени ушуга чейин бардык жагынан келишимдүү айым чакыра элек. Бирок акчаны башкалардан көбүрөөк табам. Себеби абдан семиз, буту төкөр, бою өтө узун, психикалык жактан оорулуу же дагы башка кемчиликтери бар айымдарды тейлеп келем. Бирок баары менен эле интимдик катнашка бара бербейм. Мисалы, толук кардарыма өз колум менен тамак жасап, кашыктап берем. Ошол үчүн 100 доллардан кем албайм. Бою узун кардарым менен сейил бактарын аралай басам. Дагы бирине стриптиз бийлеп берем. Бул айымдардын баары кырктын кырынан ашып калгандар”.

Алына жараша топторго бөлүнүшөт

Эркек сойкулар да деңгээлине жараша өзүнчө топторго бөлүнүшөт.

“Живчиктер”

Бул топко негизинен капчыктары орточо айымдарды тейлегендер киришет. Көбүнчө экиден, үчтөн иштеген студенттер да бар. Булар үчүн дайыма эле кардарлар чыга бербейт. Кечелер болуп калганда эле жумуш табылып калбаса. Булардын атайын коюлган «ставкалары» да жок. Болгону, кардарынын көңүлүнөн чыкканын алып кете беришет. Мындайларды “келечеги жок сойкулар” деп да коюшат.

“Жигололор”

Бул топко күнү куру калбай кечки клубда, метродо же базарда болобу, короздой моюн созо кардар издөө менен алек болгондор киришет. Буга жашы 25-30дун тегерегиндеги бир топ тажрыйбалуу эркек сойкулар кабыл алынат. Алардын “ставкалары” адатта 150 доллардан кем эмес. Кымбат кийим-кечектерди кийип, сыланып-сыйпанган мындай мырзаларды көпчүлүктүн арасынан аңдоо өтө кыйынчылыкты деле туудурбайт.

Альфонстор

Бир айым менен туруктуу катнашта болгон, анын эсебинен жашаган мырзаларды альфонс деп атап коюшат. Буларды кадимки ойнош менен алмаштырууга болбойт. Анткени бул мырзалар өз­дөрүнүн кызматы үчүн айына 500 доллардан кем эмес акча алышат. Андан сырткары, айымынан майрамдарда белек-бечкек алуудан да куру калбайт. Мындай мырзаларды кымбат ресторан­дардан, спорт клубдарынан, бассейндерден учуратууга болот.

“Донорлор”

Оо, мындай сойкулар өтө кымбат жана тез эле табыла койбойт дешет. Бул топко ичпеген, чекпеген, темирдей чымыр ден соолугу менен айырмаланган жигиттер кирет. Ошондой эле булардын көбү белгилүү, атактуулардын, жок дегенде окумуштуунун тукумунан болушу зарыл. Түшүнүктүү болгондой, бул топтун ээлери келбетинен да урук берүүсү менен баалуу. Көпчүлүк бойдок айымдар балалуу болуу үчүн мындай адамдарды издеп, атүгүл айрымдарын айлап кезекке туруп күтүшкөн учурлар да бар.

“Активдер”

Бул эркек сойкулар жогоруда айтылган топтордун эң көп акча тапкандары. Башкача айтканда, алтын аяктан тамак ичип, “мен” деген айымдардын каалоолорун канааттандыргандар. Заңгыраган үй, кымбат машина айдап жүргөн мындай сойкулар көпчүлүктүн арасына да көп чыгышпайт.

Ал эми биздечи?..

Эркектердин сойкулугу алыскы Европа же Орусия эмес, борбор калаабызда да жандана баштаптыр. Атүгүл эркек сойкулардын башын бириктирген агенттиктер ачылып жатканы биздин өлкөбүзгө да Европанын жагымсыз эпкини тийип жатканын айгинелейт. “Байтал базарларындагы” түнкү көпөлөктөргө каршы күрөшүп бүтө албай жатканыбызда минтип “айгыр базарлар” ачыла баштаптыр. Интернетти айтпай эле коёлу, радио, теледен тынымсыз көрүнүп, угула калып жаткан жарыялардан улам аргасыз жакаңды кармайсың.

Эркек сойкулардын тартиптеринен

  • Кардарды сүйүп калууга болбойт;
  • Презервативди унутпоо;
  • Айымдарга кам көрүүнүн ар кандай түрлөрүн билүү;
  • Денесин дайым таза алып жүрүү жана кылдаттык менен кам көрүү;
  • Аялзатынын психологиясын жакшы өздөштүрүү;
  • Фантазияга кенен жол берүү;
  • Эң башкысы, кандай кардар болбосун махабаттын туу чокусуна чыгаруу.

Венера Камалова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан