Көчөгө чыксаң, өз иши менен шашкан же бир маселеге чумкуп кирип кетип башты жерге сала ары-бери өткөн мекендештерибиз. Жаздын акыркы күндөрүндө ырчылардын жардамы менен борбор калаанын тургундарын тамашага салып, жагымдуу жылмаюу тартууладык.
Сценарий боюнча, ырчы Кайыргүл кадимки көлдүн жээгинде жаткансып күнгө кактанып, ары-бери өткөн элден "күндөн коргонуучу крем сүйкөп бериңизчи" деп суранып, көзгө жат көрүнүшү менен таң калтырмакчы. Ал эми Амир Аскаров кыздарды ала качып, Эрлан Андашев элди йога менен машыктырат. Алгач Кайыргүл эл басчу жолго жалпагынан жайгашып, тамашаны баштады.
Э-эй, ошол күнү көчөгө чыкпай үйдө отуруп калгандар, арманда калдыңыздар. Чынында, тамашага түшкөн мекендештерибиз каткыра күлүп жатышты. Кээ бир кыздар жигиттерин Кайыргүлдөн кызганып уруша кеткендер да болду. "Тамаша торго" чалынгандардын баарын ушул күндөгүдөй ар дайым күлкү коштосун деп тилейбиз.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg