«КЕЗДЕШҮҮ»

Күтүлбөстөн болгон жолугушуулар качан болбосун жүрөгүңдө кандайдыр бир из калтырат. Мен да арадан ондогон жылдар өтүп, биринчи махабатыма жолуккан мүнөттөрдү эскерип, окурмандар менен бөлүшкүм келди.

– Алоолонуп, оттой жалбырттаган сезимдерим бир топ жыл мага тынчтык берген жок. Акыры баары унутулгансыды. Канча жыл мурун көр оокаттын айынан эки башка өлкөгө бакыт издеп кеткенбиз. Бири-бирибизге ант берип, кучакташып алып ыйлаганыбыз жүрөгүмдө сакталып калды. Бирок "баары бир бирге болобуз!" деген убада мезгилдин өтүшү менен унутулгандай болду. Ортодогу миңдеген чакырым да бизди бир топ алыстатып салды. Телефон аркылуу ичиңде болгон сезимдерди баары бир толугу менен жеткире албайт экенсиң. Алыста, бөтөн эл, бөлөк жерде сени сагынып жүрдүм.
Ортодон көп жылдар өттү, экөөбүздө тең үй-бүлө, бала-чака дегендей. Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Сага болгон аруу сезимдерим таза бойдон калганына сүйүнөм. Эгер биз бирге болсок, ал сезимдер тунук бойдон калат беле?.. Азыр менин сүйгөн жарым, балдарым бар. Бара-бара сага болгон сезимдерим элес катары гана сакталып калды. Ооба, сени көп эстедим, бирок издебедим. Эмне кылам, пайдубалы тургузулган үй-бүлөңдү уратып? Андай үй-бүлө менде да бар, аны да уратууну, жоготууну каалабайм. Үй-бүлө – эң ыйык, бийик нерсе. Азыр ал жолугушуулардын баары элес-булас. Болгону, эсимде алгачкы жана акыркы жолугушуулар гана калды. Биринчи жылмайганың жана коштошуп кетердеги кайгылуу көздөрүң...
Ал эми азыр баары башкача, баары өзгөрүлгөн. Мен сени күнөөлөбөйм, бул – буйрук, тагдыр экөөбүздү жөн гана сынап, анан эки жээкке таштап койду.
Мынча өзгөрүлгөнсүң, кара чачыңды ак аралап, жадакалса караганың да башкача. Ооба, убакыт баарын өз ордуна коюп, өзү тарбиялайт экен. Ким билиптир, ондогон жылдардан кийин капысынан жолугуп каларыбызды. Үнсүз бири-бирибизди тиктей узакка турдук. Бул аралыкта 20 жыл мурун болгон жолугушууларды, акыркы айтылган сөздөрдөн бери эстеп, тиктешип турдук. Бул сапар биринчи кадамды сен таштадың.
– Кандайсың, Гүлай?
– Жакшы. Өзүң?
– Рахмат. Жакшы.
– Сеникиби?
– Ооба, үчүнчү балам.
– Бул балачы?
– Биздин кичүүбүз, үйүбүздүн куту.
– Жакшы экен...
Аябай таң калдым. Негедир арадан канча жыл өтсө да, көзүңдөгү жалындаган от дале күйүп тургандай туюлду. "Неге жазбадың, чалбадың, менден кабар албадың?.." деген сурооңо "аман-эсен экенсиң, эң негизгиси ошол" деп тамаша-чынга салып жооп берип кутулдум.
Жаш кездегидей кызганыч сезими аралашкан суроолорду берип, чыдамсыздык менен жооп күтүп жатканыңдан улам сүйүүңдүн өчпөгөнүн сезип, тымызын сүйүндүм. Тагдырдын тамашасын кара, бул сейил бакта экөөбүз далай күндөрдү чогуу өткөрдүк эле. Биздин чоң бактын артына жашынмак ойноп, бири-бирибизге таарынышкан күндөр канча болду... Таанышканда да, акыркы ирет коштошкондо да ушул сейил бакка келдик эле. Эми минтип балдарыбызды жетелеп, бул бакчада сүйлөшүп отурганыбызга ичимден бир сызып, тагдырга тан бердим.

Гүлайкан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
elza
2012-05-28 14:06:19
лоллололлоло
0
elza
2012-05-28 14:08:53
мандайга жазганды коробуз да
0
landysh
2012-05-28 22:04:56
Myndai nerse baarynyn bawynda bolso kerek bir bolbogonunar u4un suiuu saktalyp taza boidon kaldy owon u4un okunup keregi jok dep oiloim
0
hstkind
2012-05-29 10:11:36
menin da kyzyktuu okuyam bar, armanduu da bolup ketet, eger kaalasanar kechke juuk agent menen suilowo alam, aityp berem tokpoi chachpai, owL_boy@mail.ru
0
tea23
2012-05-29 22:01:44
Bir koreyskyi serial kordum ele kechee. Alar da ushintip karyganda jOlugushat birok sezimderin ayta Albay jurot.
0
milanchik.eto.Tilek
2012-05-30 10:21:36
Эмнеге мындай кылдынар бирге болсонор болбойт беле,Жашоону бир эле жолу жашайбызго,Суйуу,бакыт,
0
milanchik.eto.Tilek
2012-05-30 10:25:20
Негедир муну окуганда,Озумдун башымдан откон окуяларды эстеп кеттим,Тушуном бирок турмуш корсотот экен,Бирок баарибир бир болушунар керек эле
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан