Жалал-Абад
17- майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таштак айылынын 36 жараны тамактан ууланып, райондук ооруканага жаткырылды. Алар ветеринардык кароодон өткөрбөй союлуп, элге таратылган жылкы этин жешкен. Уулангандардын сегизи он төрт жашка чейинки өспүрүм балдар. Учурда Сузак райондук ооруканасынын Жугуштуу оорулар бөлүмүндө «тамактан уулануу» диагнозу менен дарыланып жатышат. Жылкыда кандай оору бар экени аныкталган жок. Этти туура эмес сактагандыктан болгон деп аныкташууда, райондук санэпидемкөзөмөл борбору.