Ош
Ош шаарындагы жерге муктаж жарандарга Кең-Сай конушунан жер бөлүнүп берилген. Ал жерди Жапалак айылынын тургундары жайыт катары пайдалангандыктан, жер тилкесине ээ болгон жарандарды киргизбей жатышат. 21-май күнү Жапалак айылынын 60-70ке жакын тургуну Кең-Сай конушуна жол салуу, суу чыгаруу менен алектенип жүргөн «Гидрострой» жана «Базис» ЖЧКларынын кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Бул боюнча Кең-Сай конушунун жер тилкелерине ээ болгон жарандар маалымат жыйында билдиришти.