Ош
Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн Жаштар комитети тарабынан 2012-жыл – үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына карата жаштар үчүн «Бекем үй-бүлө – бекем өлкө» аттуу медициналык акысыз окуу курсу ачылды. «Бул окуу курсунун негизги максаты – жаштар өз ден соолугуна кам көрүүсү, жугуштуу оорулардын алдын алуусу болуп саналат»,- дейт долбоордун жетекчиси Махабат Ибрагимова.
Тренерлер шаардагы ооруканалардан келип, интерактивдүү методдор менен сабак өтүшөт. Каржы маселесин Жаштар комитети өздүк казынасынан төлөп, ар эки ай сайын 30дай жаштарды акысыз окутушат. Алган билимине жараша студенттер тийиштүү сертификатка ээ болушат.