ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

«Карга сүйөт баласын аппагым деп, кирпи сүйөт баласын жумшагым деп». Элибиздин накыл сөзүндө эне үчүн баласы канчалык жогору экендиги ачык көрсөтүлгөн. Мына, президентибиз дагы Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндө жарлыкка кол коюп, мындан ары май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү майрамдала башталышы, энелердин коомдогу ээлеген ролун кыйла көтөрдү.
Мамлекеттик деңгээлде белгиленүүчү бул улуу күн Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарында өзгөчө салтанат менен өттү. Облустун башкы милиционери Мырзабек Исмаиловдун атайын көрсөтмөсүнүн негизинде, майрамдык иш мерчеми иштелип чыгып, 20-майда эне деген ыйык атын бийик көтөрүп, ички иштер органдарында үзүрлүү кызмат өтөп жатышкан айымдар, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагер апалар акчалай сыйлыктарга жана грамоталарга татыктуу болушту.
Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси, милициянын полковниги Мырзабек Исмаилов «Баатыр эне» орденинин ээси, башкармалыктын каржы-чарба бөлүмүнүн башкы адиси Күлүпа Акиевага жана башка кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Ал өз сөзүндө акылгөй Каныкей, Кыз Сайкал, эр жүрөк, намыскөй Жаңыл Мырза, акыл менен журт башкарган Курманжан датка, сулуулуктун символу болгон Айчүрөк жана башка кыргыз кыздарынын байсалдуу жолун айтып өттү.
Мындан тышкары бул күнү Ысык-Көл
ОИИБинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Жаштар министрлиги менен бирдикте айдоочуларга «Сиз апаңызды куттуктаганды унуткан жоксузбу?» деген акция уюштурса, Ак-Суу РИИБинин өздүк курамы райондо эң улгайган адам болуп эсептелген 112 жаштагы Макиш Эстебесованы жана анын кызы, 76 жаштагы Мария Алымбекованы куттукташып, баалуу сыйлыктарын тапшырып кетишти.
Энелер күнүнө арналган иш-чарада облустук ички иштер органдары тарабынан бардыгы болуп 51 эне сыйланып, аларга 65 миң 340 сомду түзгөн акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан