ЖЕҢИШ ТОҢДУКТАРДА

Ысык-Көл ОИИБинин «Динамо» спорт комплексинин имаратында облустук ички иштер органдары арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Буга башкармалыктын жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн 8 курама командасы катышты. Мелдешти Ысык-Көл ОИИБинин жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Б.Конокбаев ачты.
Мелдеште финалга чыккан Ысык-Көл ОИИБинин тез аракеттенүүчү атайын отрядынын жоокерлери жана Тоң РИИБинин курама командасы баш байгеге күч сынашты. Көпчүлүк күйөрмандар жаш жоокерлердин дене-тарбиялык даярдыгына көңүлүн бурушуп, аларды жеңүүчү катары көрүшкөн эле. Бирок жеңишке жеке эле чымыр дене даярдыгы эмес, күчтүү эрк да керек экендигин мелдеште тоңдуктар көрсөтө алышты.
Натыйжада жалпы эсеп 3-0 болуп, тоңдуктар баш байгеге ээ болушуп, 3000 сомдук акчалай сыйлыкка жана биринчи даражадагы дипломго татыктуу болушту. Экинчи орунду ээлеген Ысык-Көл ОИИБинин тез аракеттенүүчү атайын отрядынын жоокерлери 2000 сом акчалай сыйлык алышса, үчүнчү байгелүү орунга жетишкен башкармалыктын кайгуул-күзөт батальонунун кызматкерлери 1500 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Андан тышкары мелдеште өздөрүнүн оюндары менен өзгөчөлөнө алышкан беш оюнчу 300 сомдон кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу болушту.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан