ЭРКЕК СОЙКУ КЕРЕКПИ?ПОЖАЛУЙСТА...

Акыркы кездерде кыз-келиндерден тышкары, сойкулук менен кең далы, кер мурут эркектер да алектенип жүрүшкөнүн угуп жүрөбүз. Жеңил акча табуу менен күн кечирип, кыз-келиндердин каалоосун акчага баалап жүргөн эркек сойкуларды өз көзүбүз менен көрүп, чын-бышыгын билүү максатында иликтөө жүргүздүк.

Кожейкеге мырза издеп...

Алгач имиштерден улам айтылган даректердин тизмесин тактоодон баштадык. Ал кайда дебейсизби? Кадимки эле сиз жана биз басып жүрчү көчөлөр менен бассейндер болуп чыкты. Жаш Гвардия-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишин, Лев Толстой көчөлөрүн жээктей жумуш издеп тургандардын ичинен акырын шыбырай издештирсең мындайлар табыларын билдик. Бул иликтөөгө биз саат 21:30да жөнөп калдык. Алынган даректерге барып көз салып, эч ким көрүнбөгөнүнөн Жаш Гвардия-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бассейнге сырттан бир топко чейин көз салып турдук. Акыры оор эшикти ачкан бир жигит тамекисин чычайта кармап чыга келди. Спорт менен машыкканы чымыр дене-мүчөсүнөн байкалып турду. Сестене барып, тамак түзөп туруп калсак, тиги жигит кеп салып калбаспы.

– Кыздар, караңгыда эмне жүрө­сү­ңөр?
Не болсо да кеп чалмасын ыргытып көрүүнү чечтик.
– Саламатсызбы. Биз “бул жерден сымбаттуу жигиттерди тапса болот” дегенден келдик эле.
– Каяктан жана кимден уктуңар? Билбейм, ошондой бар бекен? Ха-ха-ха! Эмне болгон сымбаттуу жигиттерди издеп калдыңар?
– Кадимки эле жигиттер...
– Серьёзный баштадыңар го? Та-ак, кандайынан?
– Байке, бизге эмес, биздин кожейкеге. Биз жөн гана анын кол алдындагы үй кызматкерлерибиз. Бизге жардам берип койбойсузбу?
– М-мм, түшүнүктүү. Издебей тап­тыңар. Менин атым – Жора. Ко­жей­кеңердин талаптары кандай?
– Кожейкебиз “бою узун, жыйырмадан бир аз өткөн ак жуумал, кыргыз жигит болсун” деди эле. Анан массаж жасаганды билүүсү зарыл. ( Жигит жандана)
– Силер кадимки мени сүрөттөп сал­дыңар го. Кожейкеңердин жолдошу барбы?
– Жок.
– Жакшы. Менин түшүнүгүмдө айым үйүнө чакырып жатат да, туурабы? Же кандай?
– Ооба. Бирок бүгүнкүгө эмес, эртең кечкиге. Анан силердин шар­тыңарды да билип алсак жакшы болот эле.
– Биз үйгө чакыруу боюнча бир барганга 2000 сомдон жогору алабыз. Эгерде кошумча кызматтарды (мисалы, массаж) кааласа, кошумча төлөнөт. Андан сырткары, айым биздин курсагыбызды тойгузушу керек. Күч керек да, өзүмдө деле 3-4 айгырдын күчү бар, ха-ха-ха... Кээ бирөөнүн каалоосу көп болот. Анда да “нагрузкага” карата төлөмү кымбаттайт.
– Сиз ден соолугуңузду текшертип турасызбы? Сурайын дегенибиз...
– Албетте, ден соолук биринчи орунду ээлейт да. Өзүмдүн жеке док­турум бар. Ишенбесеңер, меди­ци­на­лык китепчемди көрсөтө алам. Анда кожейкеңердин номерин бер­бей­си­ңерби? Кеп-сөз кылбай өзүм чалайын.
– Жок, сизге ал өзү чалат, сиз бизге номериңизди бериңиз?
– Эх, кыздарики, койбодуңар да, койбодуңар, мына менин визиткам.
(Визиткада Жора деген ысым жана телефон номер жазылыптыр). Эки-үчөөнү берейинчи. Тааныштарыңарга берип койгула, керек болуп калсак...
– Макул, сизге кожейкебиз эр­тең телефон чалат, даяр болуп туруңуз...

Атайын агенттик тууралуу

Ошентип, “кожейкеге жигит издейбиз” деп Жорадан мындай кызматты колдоого алып, атайын ачылган агенттиктер бар экенин уктук. Алынган дарекке сапар тарттык. “Агенттик” деген аталышы эле болбосо, кадимки эле квартира экен. Бул жерден биз элестетип келген жигиттерди көрө алган жокпуз. Болгону, сүрөттөрүн жана байланыш номерлерин гана алат экенбиз. Бирок бизди кабыл алган кара көз, кара каш, шыңга бойлуу, сулуу кыргыз жигит биз барган күн жума күнгө туш болуп калгандыктан, эки орус улутундагы балдардан башкасы бош эместигин айта кетти. Аркы-беркини сүйлөшүмүш болуп, атайлап эмне максатта келип калганыбыздын да четин чыгарып койдук. Ошондо үрөйү учкан тиги жигит “эч нерсе айтпайм, бул силер ойлогон агенттик эмес” деп чычалап чыкты. Кесиптик ыкмаларды колдонуп, бал тилге салдык эле ошондо гана тигил кепке келди. Анын “мынча келиптирсиңер, суроолоруңар болсо берип калгыла, бирок жашырчу жерин өзүңөр билесиңер да” деген сөзү бизге майдай жакты. Биринин артынан бири берилген суроолорубуздан улам өзүн Илгиз деп тааныштырган жигит мына буларды баяндап берди: “Мындан жети жыл мурун шаардагы кафелердин биринде отуруп Индира аттуу өзүмдөн улуу айым менен таанышып калдым. Бир чети ичкиликтин демиби же тиги айымдын ажары арбадыбы, айтор, эркектик сезимим козголуп, айымга жакындай түштүм. Индира деле каршылык көрсөтпөдү. Алгач мейманканада эс алганыбыздан соң Индира “менин ыраазы кылганың үчүн” деп ой-боюма койбой акча берип, “дагы жолугуп туралы” деп сунуш киргизди. Мына ошондон тартып мен “приятный жумуш” таап алдым.
Акырында мага суроо-талап көбөйө баштаганда бул ишке өзүм курдуу сымбаттуу досторумду тарттым. Агенттиктин пайда болушу да мына ушундан башталды. Аларды топтоп үч бөлмөлүү квартираны батирге алып, алгач кээ бир кардарларды ушул жерде кабыл алып жүрдүк. Азыр бул жерде балдар чарчаганда эс алышат. Бирок көпчүлүк кардарлар жигиттерди үйлөрүнө алып кетишет. Үйүндө шарты болбой калса, мейманканаларга алып кетишет. Айрым конок үйлөр менен да келишим түзүп койгонбуз. Акырындап мен жалаң бардар айымдарды тейлөөгө өтүп алдым. Бирок жигиттерди катуу сынактан өткөрүп туруп гана кабыл алабыз. Ар бир кардардан тапкан сумманын 40 пайызын менин кызматым үчүн төлөшөт. Эң биринчи талап сырткы келбети жагымдуу, таза болуу керек. Ал эми атайын жеке медициналык борбордон тырмагынын учуна чейин текшерилиши зарыл. Анан ай сайын бир жолу сөзсүз түрдө жеке доктур текшерип турат. Жашы дагы чоң ролду ойнойт. Негизги талап 20-25 жашка болот. Тамактанууга да чоң маани беребиз. Негизи, белогу көп тамак-аштарды жегенге аракет кылышат. Ошондой эле ичимдик, тамеки дегендерге жакын болбогонго аракет кылабыз. Дене-мүчөсү чың эркектерге суроо-талап көп болгондуктан, баарыбыз спорт менен машыгабыз. Айымдар да мындай келишимдүү эркек сойкулардан акчаларын аяшпайт. Мисалы, кээ бирлери саатына 100 доллар төлөп беришсе, жаратылыштын койнуна барып эс алып келүүсүнө 500 долларга чейин төлөп беришет. Анан да балдардын көбү туруктуу кардарлары менен иштешет.

Көчө эркек сойкулары арзан, бирок баарлашууга да төлөйсүң

Эми биздин айдоочу Жаш Гвардияны көздөй айдады. Жалгыз күркө турган жерге келип токтоорубуз менен кайдан-жайдан эки жигит пайда болду. Алар жаныбызга басып келишип: “Кечки жумуш керекпи?”- деп калышты.

– Ооба, керек. Эмне жумуш кыла аласыңар?
– Өгүздөй күч бар, не десеңер, ошону кылабыз.
– Силер бизге башкача да жумуш жасап бере аласыңарбы?
– Кандай? Аа, түшүнүктүү, бая эле айтпайсыңарбы, тартынбастан. Канча саатка?
– Бир саатка.
– Кандай шарттарыңар, талап­та­рыңар бар?
– Байке, биз жөн гана сүйлөшүп отурганга.
– Кызык го! (Келген жигиттердин бири кол шилтеп басып кетти. Экинчиси “төлөсөңөр, сүйлөшүүдөн да ырахат алса болот” деп ыржактай биздин машинага отуруп алды). Биз Тынчтык аттуу жигит менен шаарды айланып келүүгө макулдаштык.
– Тынчтык, кардар­ла­рыңар көп элеби?
– Болбой анан. Кээ бирлери үй­лө­рүнө чакырып, жөн гана жаш балача эркелетип бапестөөбүздү жактырышат. Ал эми айрымдары ваннага чогуу тү­шүүбүздү, деги эле фантазиясына эмне келсе, ошону суранышат.
– Ал эми “балалуу болгум келет” десечи?
– Биз бардык каалоосун аткарабыз. Балалуу болгусу келсе, балалуу кылабыз. Бирок балага эч кандай укугубуз жок болот.
– Андайда канча сурайсыңар?
– Арзан эле. Кумар жазууга бир түнгө 1000 сомдун тегерегинде.
– Сен өзүң балалуу болууну каа­лайсыңбы?
– Аны отуздан оогондо ойлонуп көрөм го.
– Кардарларга жакпай калган учурлар болобу?
– Кээде “айткан нерсени аткара албай “облом” болгон учурлар деле болот. Тажаал айымдар кыйнаган учурлар көп эле кездешет. Кээде тим эле биротоло сатып алгансып кожойке болуп алышат, ойго келбеген нерселерди ойлоп табышып. Буларды көрүп, кээде аялзатынан иренжип да кетем.
– Минтип акча табууга намыс­тан­байсыңбы?
– Эмнеге намыстанмак элем. Туура, башында кысынчумун. Анда студент болчумун. Бирок зачёт, экзамендерде кыйналган жокмун. Кийин өз кесибим менен иштеп калам деген ой бар.

Телефон менен заказ кылса...

Интернет, гезитке, телевидениелерге чыккан “мага колдоо көрсөтө алган айымдарга болгон күчүмдү аябайм” деген жарнамалардын бирине чалып калдык.

– Алло, биз жарыя боюнча...
– Кызматыбызды сизден аябайбыз.
– Эротикалык массажы менен канча болот?
– Бир түнгө 100 доллар, канча кааласаңыз күчүм жетет.
– Жакшы. Ал эми биз экөөбүз болсокчу?
– 200 доллар, бирок сүйлөшсөк да болот.
– Аа, мейли. Биз дагы чалабыз.

Ошентип, бизге тынчтык бербеген суроолорго жооп алган соң мындай кыргызга жат көрүнүштөн алыс кеткиче шаштык. Адатта «акча үчүн денесин сатышат» деп айымдарды гана айыпташат. Эми мындай эргул эркектер тууралуу коомчулук эмне дээр экен?..

Венера Камалова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
chika
2010-09-27 16:01:29
Жийиркеничтуу!
0
CrazyBee
2010-12-28 02:43:41
номерлерин берип коюнуздар....ха ха
+1
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан