«АК КЕМЕ» – ЧЕМПИОН!

Көптөгөн жаштардын кумарына айланып бараткан “Тамашоу” Жогорку Лигасынын финалдык оюну 20-май күнү өз жыйынтыгын чыгарды. Финал күтүлбөгөн сюрприздер менен коштолуп, жигиттерди көзүнө жаш алганга чейин алпарды.

1-орун – “Ак кеме”
2-орун – “Моника Беллуччи”
3-орун – “Ак-Өргө city”

ЖИГИТТЕР ЖАШЫП...
Жарнамаларда айтылгандай, бул оюн, чындыгында, тарыхта калды. «Жигиттерден көз жаш чыкпайт» дейбиз, бирок «Моника Беллуччи» командасынын оюнчуларынын жашыганына бардык көрөрмандар күбө болду. Ойлобоңуздар, «и-ий, жеңилип калып ыйлап калышкан турбайбы» деп, андай эмес. «Тамашоудо» адатка айланып баратабы, айтор, кыйын командалар четинен «кийинки сезондо катышпайбыз» деп жагымсыз кабарын айтып калышты.
Жарым финалда «Чез» командасынын «көзүрлөрү» «биз эми катышпайбыз» дешти эле, эми бул жолкусунда «Сулуулук дүйнөнү сактайт!» деген девиз менен чыккан «Моника Беллуччи» кетерин билдирди. Бул, албетте, күйөрмандар үчүн жагымсыз кабар.
Акыркы кезде байкаганым, «тамашоучулар» боорду эзген сөзгө караганда актёрдук чеберчиликти мыкты өздөштүрүп калышыптыр. Оюндар сөзү жок, эмоция, мимика менен коштолуп, залды күлкү-шаңга бөлөдү.

АТААНДАШ ТӨРТ КОМАНДА ЖАНА БИР ЖЕҢҮҮЧҮ
4-сезондун чыныгы чемпиону аталууга бардык «каймактарда» мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок бакыт кушу бирөөсүнө гана буюрду. Жалпысынан «Саламдашуу», «Ким тапан?», «СТЕМ», «Капитандар сынагы», «Видеосынак», «Ыр сынагы» боюнча «Ак кеме», «Ак-Өргө city», «Эксклюзив» (Алматы), «Моника Беллуччи» командалары ат салышты. Алардын арасынан Эрмектин төрөткананын астында уулун кантип күткөнү (“Ак кеме”), электриктин кызматы (“Ак-Өргө city”), кадимки кыргыз үй-бүлөсү (“Моника Беллуччи”) жөнүндөгү тамашалар эсте каларлык болду.
Чынында, күрөш катуу жүрдү. Баарынан да чемпиондукту 0,1 упайга «Ак кемеге» тарттырып жиберген «Моника Беллуччи» командасынын ызасы катуу экени байкалып турду.

ФИНАЛДАГЫ ТАМАШАЛАР

Германиянын эски машиналары Кыргызстанга келет. Кыргыздын эски машиналары кайда барат?
– Кайда бармак эле? Баткенге да. (“Ак-Өргө city”)   

Бишкектин деңгээлине жетүү үчүн Москвага эмне керек?
– Ал үчүн митинг керек. (“Ак кеме”)

– Путин бизге качып келиш керек. (“Моника Беллуччи”)

– Казашкалар керек аларга, казашкалар. (“Эксклюзив”)

Кыргызстанда жылдыздар гүлбагы деп кайсы жерди атайт элеңер?
– Ак-Өргөнү айтсак болот. Анткени ал жакта Кубик Калыков, Айпери Кубик кызы, Күмөндөр Абылов, Руслан Түмөнбаев, Салима Балтаева деген жылдыздар жа­ша­шат. (“Ак-Өргө city”)

Барак Обама эгер Нарында төрөлсө, кандай болмок эле?
– Анда ал Барак эмес, Барана Обама бол­мок. (“Моника Беллуччи”)

– Аны эл көмүр экен деп жагып салмак. (“Ак кеме”)

Кыргыздар тамакты тандап жешет. Ал эми кытайлар тандабайт.Эмнеге?
– Кыргыздар анчалык ачка болуп көрүшө элек да, ачка болушса, кытай­лыктарды деле жеп коюшмак. (“Ак-Өргө city”)

– Биз 35 жылдан бери “Кыз-Буракты” угуп келебиз. Анткени биз чыдамкай элбиз. (“Моника Беллуччи”)

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
monchok
2012-05-28 13:18:39
Ак кеме, Акорго сити жакшы команда негизи.
0
AFRODITA-89
2012-05-28 13:56:04
"Ак-кеме" командасы ылайыктуу бааланыптыр. Алар эн кызыктуу тамашаларды жаратып коруучулордун боорун эзишетго. "Ак-орго citi" жана "Моника беллуччи" командалары да эн жакшы таланттуулар силерге ийгилик каалайм!
0
ruslanbek8686
2012-05-28 19:21:22
Ак–орго кечирип койгула Баткенге ески машиналар барбайт.
0
sultan-n
2012-05-29 11:56:29
ruslanbek8686 tuura aytasin!
0
kassta91
2012-05-29 14:42:05
ак кеме азаматсынар алгаааа
0
Usubaly
2012-05-29 15:11:57
ак кеме рулит
0
Nara_zi
2012-05-29 18:15:37
Janysh azamatsyn! Cok sevindim,saglik,basarilar diliyorum.
0
gulnura09
2012-05-29 21:36:48
afffffferin!!!4ok sevindim okuyunca!!!
0
Ohna
2012-06-01 22:57:46
AK-ORGO VILLAGE, siler ne Batkenge eski mashina tashydynar bele? "Sozune dikkat et basın gitmesin, dilini tut disin kırılmasın."- degen soz bar. Baikagyla.
0
historic
2012-06-03 15:20:09
"Жигиттер" качан чемпион болоооот?
0
turatbek-92
2012-06-07 13:02:46
Бара албай калганыма окуном. Эми дисктен кором деген умуттомун.
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан