”Баңгизатын ташыган адам колго түштү” дегенди көп эле угуп жүрөбүз. Алардын көбү баңгизатын пайда табуу үчүн өз каалоосу менен ташыса, арасында эмне ташыгандарын билбегендери да бар. Жакында өлкөбүздүн чекисттери коңшу өлкөлөрдөгү кесиптештери менен биргеликте баңгизат менен шугулданып жүргөн кылмыштуу топту кармашты. Бул кылмыш тобу биздин жарандарды бир ирет колдонуучу кол каптай эле пайдаланышканы маалым болду.
БУЛАРГА ЭМИ ЖАРДАМ БЕРҮҮ МҮМКҮН ЭМЕС
Кытайда эле акыркы эки жылда Кыргызстандын баңгизаты менен кармалган 19 жараны соттолгон. Алардын кээси өлүм жазасына тартылып же өмүр бою эркинен ажыратылса, көбүнүн кийинки тагдыры тууралуу маалымат жок. Булардын баары ар бир каттам үчүн орточо 500 доллар акы алып, өз тагдырлары менен ойношкон.
САК БОЛУҢУЗ, «ШОКОЛАД ТҮСТҮҮ КОЁНДОР»!
Чекисттердин айтымында, башка өлкөлөргө героин ташыган мындай “шоколад түстүү коёндор” биздин өлкөдө жетишерлик. Алардын көпчүлүгү Нигериянын жана Түштүк Африка Республикасынын жарандары. Баңгизатын жеткирүүгө биздин жарандарды колдонуп жатышканы ачууну келтирет. Баңгимафиясынын бул кара терилүү жигиттери бүт дүйнө жүзү боюнча орун которуп турушат жана адамдар менен иштөөдө да тажрыйбасы мол. Көпчүлүк учурда биздин кыздар менен бай адам катары таанышып, жер көрсөтүүгө же үйлөнүүгө сөз берет. Өзү “жумуштары” менен чет өлкөгө барып, колуктусун ошол өлкөгө чакырат же анын ата-энеси баласынын колуктусу менен таанышкысы келип калат да, бир өлкөгө келүүсүн өтүнөт. Анан батиринде “унутуп калган” баштыгын же чемоданын ала келүүсүн суранат.
ИНТЕРНЕТТЕГИ ТААНЫШУУ
Өткөн жылдын күз айларында УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлерине Кыргызстандан башка өлкөгө баңгизаттарын жөнөтүп жүргөн айым тууралуу маалымат түшөт. Иликтөөлөрдүн натыйжасында айымдын аты-жөнү такталып, ал Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну Динара Солтобаева деген болуп чыгат. Анын изине түшкөн из кубарлар Кытайга жана андан ары Азиянын башка өлкөлөрүнө баңгизатын ташыган мыкты уюшулган канал бар экенин билишет. Пайда жакшы түшкөндүктөн, героин өтө көп эмес салмакта жөнөтүлүп, колго түшүп калса деле чоң жоготуу эмес эле. Ал эми курьер мафия үчүн товар ташыгыч гана болуп эсептелип, алар кармалышса, жоготуу деп саналбачу экен.
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 2010-жылдын күз айларында Динара интернет аркылуу Кытайда жашаган нигериялык Агумба аттуу адам менен таанышып калат. Интернет аркылуу баарлашуу учурунда африкалык өз эсебинен Динараны Кытайдын Гуанчжоу шаарына конокко чакырат. Ал жакка барган Динараны Агумба коноктоп, ага Кыргызстанда кийим тигип сатуу үчүн Гуанчжоудо кийим тигүү боюнча бизнес баштап жатканын айтат. Ал эми Динарага кайсы кийимдер жакшы өтүп жатса, алардын үлгүсүн жөнөтүп турууну сунуштайт. Бишкекке кайтып келген Динара Агумба телефондон айткан даректердеги чемодан, баштыктарды жөнөтүп турса, кийинчерээк курьерлер үчүн учакка билет алып, виза даярдап, аларды учакка салууну да уюштура баштайт.
ЧЕМОДАНДАГЫ ЖАШЫРУУН БӨЛҮК
Ошентип иштеп жүргөндө, тагыраак айтканда, 2010-жылдын 5-октябрында Кытайдын тартип сакчылары Үрүмчү шаарында 44 жаштагы Кыргызстандын жараны Светлана Кулбаева аттуу айымдын жүгүнөн 7,5 килограмм героин таап чыгышат (маалыматтарга караганда, Кулбаева декабрь айында кытай соту тарабынан өлүм жазасына буйрулган). Динара кийин чекисттерге ошондо гана баңгибизнеси менен иштеп жүргөнүн билгенин айткан. Динара Кулбаеваны Кытайга жөнөткөндүктөн, Агумбадан жооп талап кылганда ал ачык эле баңгизаты менен иштешүүнү сунуштаган. Динара макул болот да, баңгиканал ишин улантып, “кийим үлгүлөрү” айына эки ирет жөнөтүлүп турган. Баңгизаттар сумканын, чемодандын же калың китептин ичиндеги атайын жасалган жашыруун жерге салынып жөнөтүлчү. Героин ламинаттан жасалган пластиналарга салынып, ал аэропорттордогу рентген аппараттарынан да көрүнчү эмес экен.
Чекисттер Динаранын үйүнө тинтүү жүргүзүшүп, үйдүн ичи жашыруун жайлары бар сумкалар менен сырты калың китептерге толо экенине күбө болушкан. Динара баңгимафиясынын калган мүчөлөрүн колго түшүрүү иштерине жардамдашууга макул болот. Бирок анын телефондогу үнүнөн баамчыл Агумба бир көйгөй болгонун билип койгон да, байланыш үзүлгөн. Чекисттер бир аз убакыттан кийин бул топ багытын Үрүмчүгө эмес, Гуанчжоуну көздөй өзгөрткөнүн билишет. “Товарды” алгач автоунаа менен Алматыга чейин алып барып, андан ары учак менен Пекинге, анан Гуанчжоу шаарына жөнөтүп калышкан эле.
ХИРУРГ-КОНТРАБАНДИСТ
Бул топтун изине түшкөн чекисттер 2012-жылдын 14-январында Казакстанга кире бериштеги “Ак-Жол” чек ара өтмөгүнөн 24 жаштагы Айганыш (бул кыз тергөө иштерине жардам бергендиги үчүн акталган, аты өзгөртүлдү) аттуу кызды жана аны Алматыга узатып бараткан 19 жаштагы Нурсултан дегенди кармашат. Алардын жүгүн тинтүү учурунда баштыктын каптал жагына бекитилген 5 килограммдан ашуун героин табылат. Ошого улай эле чекисттер Ош шаарынан 24 жаштагы Артур дегенди да кармашат. Чекисттердин маалыматында, Артур Агумба менен түз байланыша алган тар чөйрөдөгү тандамал адамдардын катарына кирчү. Ооруканалардын биринде хирург болуп иштеген ал Тажикстандан жөнөтүлгөн героинди Оштон тосуп алып, таксисттер аркылуу Бишкекке жөнөтүп турган. Артур чекисттер менен иштешүүгө макул болот да, Агумбага телефон аркылуу Айганыш жумуштары менен кармалып калганын, бирок кийинки каттам менен учарын маалымдайт.
КЫТАЙДА БАҢГИЗАТЫ ҮЧҮН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ БАР
Кыргызстандын УКМКсы казакстандык, кытайлык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүшүп, операциянын финалдык этабына киришишет. 18-январда Алматы шаарынын аэропортунан Пекинге баштыгына 2 килограмм героин салган Айганыш, УКМКнын эки офицери жана алардын кытайлык кесиптеши болуп учушат. Чекисттер алгач Айганышты Кыргызстандан эмес, чиеленген түйүндү чечүү үчүн кытайлык кесиптештерине карматкылары келишкен. Бирок жаш кызды аяп коюшкан, анткени Кытайда аз өлчөмдөгү героин үчүн да өлүм жазасына тартылат же өмүр бою абакка отургузулат.
Гуанчжоу шаарындагы мейманканага кытай кызы келип, Айганыштан баштыкты алып чыгып баратканда аны кытай полициясы кармаган. Тергөө учурунда кытай тартип коргоочулары аны атайын креслого таңып суракка алганын көргөн Айганыштын коркконунан эси ооп кала жаздаган.
Өткөн сандарыбыздын биринде жазган Индонезияда баңгизаты менен кармалган Жибек Сакеева да бул топтун курмандыгы болушу мүмкүн. Эске салсак, 2010-жылдын 5-октябрында Индонезиянын Бандунга шаарынын аэропортунан анын жүгүнөн 8 килограмм героин табылып, Индонезия соту тарабынан12 жылга эркинен ажыратылган эле. Иликтөө иштеринде аны бул сапарга нигериялык Бен деген адам жибергени билинген. Ал Жибек менен Бишкектен таанышып, андан Малайзия аркылуу Индонезияга “сумкалардын үлгүсүн” алып баруусун суранган. Чекисттер Жибекти да бул сапарга Динара узатышы мүмкүн деп эсептешет. Себеби бул кылмыштуу топтун дагы бир курмандыгы болгон Анастасия Яичникова (ал 2011-жылдын 10-мартында “Манас” аэропортунан Кытайга учарда жанынан 5 килограмм героин табылып кармалып, 16 жылга эркинен ажыратылган) Динара менен Жибектин чогуу жүргөнүн көргөнүн айткан. Чекисттердин айтымында, Бен, Майкл, Набуке дегендер Околи Паулинус Набуке аттуу бир эле адам болушу мүмкүн. 7-апрелде бул топтун кээ бир мүчөлөрүнүн үстүнөн сот иши аяктап, Нурсултан Курбаналиев 12, Артур Иминахунов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Динара Солтобаеванын иши дале тергөөдө. Агумбаны кытай тартип коргоочулары издеп жатышкан чагы. Учурда иликтөө уланууда.
Биздин чекисттер “бул кылмыш тобу баңгизатын ташууда мындан башка да көптөгөн адамдарды колдонушу мүмкүн” деп эсептешет, себеби алданган адамдар баңгизатын ташыганын өздөрү да билбеши ыктымал. Ошондуктан Кытай, Малайзия, Индонезияга ушуга окшош жагдайда сапарга барып келгендер болсо, УКМКга келип, тергөөгө көмөктөшүүсүн суранышат. Аларга кылмыш жоопкерчилигинен куткарыларына жана анонимдүүлүгүнө кепилдик берилет. Мындан сырткары бул кылмыш тобу тууралуу маалымат билгендер же сүрөттөгү Динара Солтобаевадан сунуш алгандар болсо, УКМКнын төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу билдирип коюшун өтүнөт: (0312) 66-04-75, 62-65-04.
Көптөгөн биздин жаштарды чет өлкөлүктөр кызыктырышы мүмкүн. “Чет өлкөлүкпү, демек, бай, аны менен иши кылып бир чет өлкөгө кетип калса болот” деген түшүнүк калыптанып калган. Кармалгандардын ордун эми башка бирөөлөр толукташы толук ыктымал. Ошондуктан чет элдик болсо эле ишене бербей, ар бирибиз өзүбүзгө сак болуп, болбогон акчага алданып, бир келген жашообузду тозокко айлантып албайлы.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg