Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айылында 19-май күнү түштөн кийин катуу жаан жаап, артынан сел жүргөн. Анын кесепетинен Кайырма каналы үч жеринен жырылып, Ынтымак айылындагы 70 турак үй селдин каптоосунда калды. Табият кырсыгы бир катар жол каттамдарын да зыянга учуратты, мисалы, азыркы учурда Жаштык, Касынбай, Мүзүрбек көчөлөрү унаа өтүүгө мүмкүн болбой калган. Ошондой эле Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн Козучак айылында да сел жүрүп, Талас-Беш-Таш унаа жолунун 400 метр аралыгы жарактан чыккан. Бир катар айдоо жерлери да ылай суунун астында калды. Учурда селдин кесепеттерин жоюу ара кеттери жүрүүдө.