22-майда Нарын шаарынын борбордук аянтында 5 адам расмий түрдө ачкачылык кармап башташты. Алар “Бабанов Нарын элине келсин”, баатырларына жеңилдиктер берилсин”, “Нарындык депутаттар келсин” деген талаптарды коюшууда. Облустук администрациянын алдында отурушкан Асия Бейшеева, Канайым Бердибаева, Бактыгүл Курманалиева, Эркинбек Жумалиев жана Сыйна Абдрахмановалар менен Нарын шаарынын вице-мэри Алмаз Суранов жолугуп, суроо-талаптарын укту. Эскерте кетсек, 21-майда бир топ адам митинг уюштуруп, кайра тарап кетишкен болчу. Ал эми 23-майда губернатор Канатбек Муратбеков аларга жолуккандан кийин үч адам ачкачылык кармоодон баш тартып, экөө гана калган. "Тез жардам" кызматынын адистери келип, алардын кан басымын да текшерип кетишти.