АШЛЯНФУ-БИЗНЕСТИН БИР ТҮРҮ

Бул даамдын Кыргызстандагы мекени – Каракол шаары. Бир топ адамдар бул тамактын аркасынан бизнес жасап, үй-бүлөсүн багып келишет. Анда атактуу Караколдун ашлянфусу тууралуу...

ДУНГАНДАРДАН КЫРГЫЗДАРГА ӨТҮП...
Ашлянфунун авторлору –дунган эли. Бирок азыр дунгандардан да кыргыздар мыкты жасап калган сыяктуу. Дегеним, Караколдун кайсы бурчунда болбосун ашлянфу саткан адамды жана ашлянфунун "знатокторун" таба аласыз. Бизнес бул жаатында да өнүгүүдө. Мисалы, 15 жылдан бери ашлянфу сатып иштеп келе жаткан Рахиля аттуу айымдын кесиби мугалим. Бирок айлыктын аздыгынан ашлянфу сатып иштеп калыптыр. Рахиля эже өз учурунда кайненесинен үйрөнгөн. Кызыгы, бир үй-бүлөдө алты келин болсо, анын төртөө ашлянфу сатып иштешет. Бул мисалдан улам, балким, сиз да ушул бизнестин түрүн байкап көрөрсүз деп ашлянфу жасоонун сырларын айткыбыз келди.

10 ПОРЦИЯГА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР

Ун – 2 килограмм – 40 сом
Өсүмдүк майы – 0,5 литр – 50 сом
Калемпир – 15 сом
Жумуртка – 5 даана – 20 сом
Жүгөрү, же күрүчтүн крахмалы – 200 грамм – 20 сом
Пияз – 0,5 килограмм – 10 сом
Сарымсак – 1-2 даана – 40 сом
Помидор – 1-2 даана – 50 сом
Татымал чөптөр – 30 сом (жусай, укроп, петрушка, кинза)
Атайын кошулмалар – 30 сом
Уксус – 50 грамм –10 сом
Болгар калемпири –1-2 даана – 50 сом

АШЛЯНФУ КАНДАЙ ЖАСАЛАТ?
Кесме
Көпчүлүккө арналган даамды таза жасоо керек экендигин айтып кетүүбүз ашык болбостур. Камыр жасалуучу идишти 2-3 ирет кайталап таза жууп алуу керек. Азыктарды туура тандоо жана мыкты даярдай билүү тамактын аш болумдуулугун жана даамдуулугун арттырат.
Ашлянфунун негизги бөлүгүн кесме түзөрү анык. Андыктан биринчи кесмесин даярдап алуу керек. Унду өлчөп салып, жумуртка кошуп, туздуу суу менен жууруйбуз. Камырды 10-15 мүнөт тыныктырып, ийине келген камырды чоёбуз. Кайнап жаткан сууга салып бышырып, кесмени өсүмдүк майы менен майлап койсок, ашлянфунун кесмеси даяр болот.

Крахмал
Ашлянфу жасоодо крахмалды да мыкты даярдоо чоң мааниге ээ. Чакан идишке муздак суу куюп, крахмал кошуп жакшылап чалып алабыз да, кайнап жаткан сууга (3 литр сууга 200 грамм кошууга болот) куябыз. Аны жай отко 30-40 мүнөт кайнатуу керек. Татымына жараша туз жана уксус кошууга болот. Кайнап жаткан учурда тындырбай бирдей ыргакта жыгач чөмүч менен аралаштыруу керек. Коюуланып бышкан соң крахмалды чарага куюп, муздаткычка сактап коёбуз.

Чык 
Эми соус жасоого киришебиз. Пияз, болгар калемпирин таза жууп даярдап алабыз да, чарчы формада туурап майга кууруп, үстүнө жумуртка чегип коёбуз. Андан соң кайнаган суу куюп аралаштырып, оттон чыгарабыз. Суугандан кийин туз, мурч, даам берүүчү жашылчалар (жусай, укроп, петрушка) кошобуз. Соңунда татымына жараша уксус кошуу зарыл.

Лаза
Ашлянфунун лазасын жасоо үчүн да чеберчилик талап кылынат. Сарымсакты майдалап туурап, ага кызыл калемпир кошуп, ысып турган майга салып 5-10 мүнөт кууруп алабыз.

Кеңештер

  • Ашлянфунун кесмесин бышырарыңыз менен майлабастан муздагыча күтө турсаңыз, муздак кесме колго жабышпайт.
  • Бышкан крахмалды куюудан мурда идишиңизди өсүмдүк майы менен майлап коюңуз. Майланган идишке крахмал жабышпай жакшы уюйт.
  • Жумуртканын ордуна эт кошуп койсоңуз да жакшы даам берет.

Айзат Анарбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
milashka90
2012-05-31 20:13:03
черт.мен бугун жасайм деп даярданып алганлем рецепти супер инфодон окуп эми комменттерди окуп кандай кылып жасашты билбей башым айланып калды((((((мага да караколдуку абдан жагат алардын озунчо секрети болсо керек чынында эле
0
Janyl_93
2012-05-31 20:15:23
Баардыгынарды Караколго чакырам анда келгиле чогуу ашлянфу жасаганды уйронобуз)))))!Чындыгында Каракол шаарыбыздагы ашлянфуга эч кимдики жетпейт,аябай соонун!Студенттерге аябай эле ынгайлуу арзан дагы!
0
nuris89
2012-05-31 20:39:52
karakoldo plovtu dele bizdegidei jasai albait go oshondoi ele da
-1
djmaks22
2012-06-01 15:37:01
Караколдуку лучше всех.
+1
saki_kg
2012-06-05 02:34:04
у каждого свой рецепт приготовления и вкус!
0
AshatMJ89
2012-06-08 18:25:53
Ар бир уйдо ар бир тамак ар кандай жасалат.Караколдо ашлянфудан жусайды да,петрушканы да кездештиребиз.Мисалы мен дайыма петрушканы терип салып жейм.
0
AshatMJ89
2012-06-08 18:27:02
негизи дунгандар тамактарынын рецептерин толук айтышпайт.Балким,бир нерсесин жашырып коюшу мумкун..а так зелендин туру кошулат...
0
Асылжан
2012-06-08 18:30:20
Мен дагы ашлянфунун күйөрманымын. Караколдукуна окшош ашлянфуну башка эч жерден жеп көрө элекмин. Бирок петрушка, укроп жана башка чөп-чар кошулбайт дегениңерге такыр кошулбайм. Эгер силерге кошулбаганы жакса мага тескерисинче чөп-чар кошулган жагат. Өзүм да жасаганда колдон келишинче көбүрөөк кошконго аракет кылам. Бир рецептеги ашлянфуну жеп алып эле башкача жасалат дегендерге күлкүм келет да.
0
Мэри
2012-06-08 18:52:20
"Көктөр кошулбайт" дегендерге мен да кошулбайт элем. Анткени көктөр кошулган ашлянфуну көп эле көрүп жүрөм. Ашлянфу болобу же башка тамак болобу, анча-мынча озундун фантазиянды кошуп жиберсен болот да. Же созсуз китепте жазылгандай болуш керекпи... Анан да ар бир кожойкенин тамак жасоодо өзүнүн сырлары болот да...
0
erali
2012-07-04 00:42:22
Мен Караколдо 1990-жылы практикада болгонмунжана аябай ачуу муздак тамак жегенмин.Ошол тамактын даамы алигиче оозумдан кете эле жана коп жолу эстеп журом.Качан дагы колго барам билбейм...
+1
peach
2012-08-15 23:36:41
- lazaga murch,chesnokko katuu ysygan maidy kuiup aralawtyrat(kuurbayt),muzdaganda bir az tuz,uksus kowso b-t
- lagmanga okwoboit:kesmesi choiso da,kesse da ichkereek boluw kk,eti da,jawylchalar da kichireek tuuralat
- jawyldan negizi jusay ele sossuz kowulat,ukrop,petruwka nejelatelno,no kinza voobwe jakindabayt
- souska pomidor bir az kowso b-t,no sabiz bolboit(Biwkekten korgom da sabizi bar,fuu)
- krahmaldy kainap j-da aralawtyryp turuw kk
0
kg_07
2013-02-03 03:23:51
mmm sagindim awlaynfu jana kirgizdardin baardik tamaktarin sagindim
0
tyrgon
2017-03-29 23:48:58
караколдуктар рецебин айтпайт баары бир.
0
deva
2020-05-31 16:59:48
Мен кумшекерди куйгузуп атайын соус даярдап алам. Суусун озунчо, соусун озунчо даярдайм.
0
deva
2020-05-31 17:00:17
Кок чоптон жусай эле кошом. калган чоптор даамын бузуп коет
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан