ЖКнын жыйындарын жакшылап карасаңыз, залды жаңырта сүйлөгөн эмоционалдуу Камила айымды оңой эле байкайсыз. “Ар-намысчы” депутаттын жеке жашоосу, кулк-мүнөзү, кыскасы, адамдык бейнеси бүгүнкү саныбызда.
БИЗДИН КААРМАН
Туулган жылы – 1967-жыл, 28-декабрь.
Туулган жери – Лейлек району, Жаңы-Жер айылы.
Кесиби – Филолог.
Спортко мамилеси – Эртең менен чуркамайы бар.
Үй-бүлөдө – 1 уулдун энеси.
Өкүнгөнү – Илимий иштеринин токтоп калганы.
Учурда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты.
– Шашып эле жүрөсүз, табияттан эле шашма адамсызбы?
– Өзүмдү табияттан эле шашмамын деп эсептебейм. Сессия күндөрү жумуш абдан көп болот. Мени ошол учурда көргөндөр шашма деп ойлошу мүмкүн. Бирок токтоо элемин.
– Чукуган, какшык коштолгон сөздөрдү көп колдоносуз. Чечендик сапат кимден оогон сизге?
– Чоң энем өз мезгилинин кыйын адамы, бир топ жыл айылдык Кеңештин башчысы, СССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Эркек мүнөз, аябай курч сөздүү аял эле. Азыркы күнгө чейин эл оозунда айтылып жүрөт. Кыргызда аксакал деген титул жөн жерден берилбейт да,чоң энем да ошол титулдун ээси болуп турган. “Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн” дегендей, азыр айылга барып калсам, ал киши менен иштешип калган азыркы аксакалдар “Касиет аксакалдын небереси болосуңбу?” деп сурап калышат. Чоң энем 5-6 жыл мурун 97 жашында каза болду. Бул сапат ошол кишиден өтсө керек.
– ЖКда жыйындарда ар дайым жогорку тон менен сүйлөйсүз, дайыма өктөмсүзбү же жумушка байланыштуу гана нерсеби?
– Ооба, эмоционалдуумун. Чынында, мен деле жай, эл катары акырын сүйлөгөнгө аракет кылам. Бирок табияттан ушундай жаралып калыптырмын. Жүрөктөгү нерсени берилүү менен айтканга көнүп калгам. Сүйлөгөндө да популисттик маанайда же эптеп эле ооздун жели менен айтып-айтып кутулууну жактырбайм. Өктөм сүйлөгөнүм менин кемчилигим болуш керек. Сүйлөгөнүмдү көрүп алып, өзүмдүн үстүмөн аябай көп иштейм. Бирок болбойт экен, кайра эле унутуп калам да, мурункудай сүйлөп баштайм. Популисттик маанайды көздөп, өзүмдү көрсөтө калайын, эл алдына чыгып жасалма образ жарата калайын деген кымындай да оюм жок. Айрымдар өңдүү телеканалдан байма-бай чыгып көрүнө бергенди да жактыра бербейм.
– Кайсынысынын түйшүгү көбүрөөк, үй-бүлөңүз жөнүндө көп ойлоносузбу же депутаттык жумушуңуздубу?
– Кырктан ашкан учур – аялзаты үчүн турмуштун экинчи этабы. Менимче, бул куракта мамлекеттик жумушта иштеген адам убактысынын көбүн үй-бүлөгө эмес, ошол багытка арнап калат. Мен да жумушту көп ойлоном, себеби үйдө көйгөйлүү маселелерим деле жок. Балам чоңоюп калган.
– Балам деп калдыңыз, канча балаңыз бар?
– Жалгыз эле уулум бар, жашы 23тө. ЖОЖдордун биринде юристтик кесип боюнча билим алып жатат. Ар бир эне өз перзентинин мыкты инсан болушун каалайт эмеспи. Мен да жалгыз уулумдан көптү күтөм. Элдин уулу болсо деген энелик үмүт-тилегим бар. Кудай кут кылсын, ЖОЖду аяктап, элге кызмат кылчу күндөргө аз калды.
– Кыргызда салт деп ала качып үйлөнмөй кадимки көрүнүш. Сиздерде кандай болгон?
– Турмушка аттанганда 21 жашта болчумун. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында окуп жаткан мезгилде группалаш кызымдын классташы менен таанышып калгам. Бир эле жолу көргөм. Анан баягы кыргыздын салты деп ала качып кетип, экөөбүз баш кошуп калганбыз. Ошентип, Сузактын Барпы деген айылына келин болуп баргам. Бир жылдан соң уулдуу болуп, Максатбек деген ысым койдук. Кайната-кайненемдин колунда тургандыктан, моралдык жактан укугум жок деп ойлогонмунбу, айтор, айрымдар өңдүү мындай ысым коёлу, тигиндей койсок деп деле эңсебептирмин. Жолдошум алгач уулдуу болууну тилек кылып жүрчү экен, “максатыма жеттим” деп уулубуздун атын Максатбек деп өзү койгон.
– Жаңы келин болуп барганда, жаңы үй-бүлөгө аралашканда сиз үчүн эң оор нерсе эмне болгон?
– Мугалимдик кесиптеги инсандарга ар кандай чөйрөгө көнүшүү бат, мамиле түзүү жеңил болот. Жаңы келин болуп баргандагы кыйынчылыктар эсимде жок. Кайын журтум абдан жакшы үй-бүлө болду, бөлөк-бөтөн жерге эмес, өз үйүмө баргандай эле болгом. Турмушта кайненесин мактаган келиндер өтө сейрек болот. Мен ыраматылык кайненемдин мыктылыгынан ал жерге бат көнүшүп кеттим, дайыма өз кызындай мамиле кылар эле.
– Кесибиңиз филолог экен, көркөм сөзгө жакын болсоңуз керек... Сизге жаккан төрт сап ыр...
– Биз бала кезде китепканадан башыбыз чыкчу эмес. Балдар адабиятынан баштап улуу акын-жазуучулардын чыгармаларына чейин таасирленип өстүм. Акын болбосом да, ырга аябай маани берем. Чыгыш акыны Омар Хайямдын ырларын баалайм. Азыркыга чейин анын жашоо, өмүр, сүйүү тууралуу ырларын кызыгып окуп жүрөм.
“Өтөбүз жер бетинен, жылдар агат,
Дарексиз биз кетебиз, дүйнө калат.
Биз жокто өсүп-өнүп тура берген,
Бизсиз да баягы эле дүйнө калат” деген саптары бар.
– Биринчи жолу белгиленген Энелер күнүндө биринчи кимден куттуктоо, белек алдыңыз?
– Биринчи болуп өзүмдүн жалгыз уулум куттуктады. Таң эрте жакшынакай СМС, анан аял кишинин маанайын ачкан эч нерсеге алмаштыргыс белеги гүл да. Уулумдун колунан гүл алдым. Бул күн жакшы майрамдардын бири болду. 20-май жыл сайын белгиленчү салтка айланып калса экен деген тилектемин.
– Негедир жолдошуңуз тууралуу кеп кылбадыңыз...
– Ушул нерсе сыр эле бойдон калсынчы...
– Келин алуу пландары жакындап калдыбы?
– Менин оюм деле ушул. Бирок үй-бүлөгө өтө этият, олуттуу мамиле кылыш керек. Биринчи "балаң үй-бүлө курууга психологиялык, материалдык жактан даярбы, шарты барбы?" деген маселе турат. Өзү бала болуп туруп, эртең эле балалуу болуп, үй-бүлө пайдубалын кура албай, ажырашып кеткени өтө жаман көрүнүш. Азыр жаштар арасында мындайлар көп болуп жатпайбы. Менимче, баламдын үйлөнүшүнө азырынча эртерээк. Келин алуу маселесин балам экөөбүз тең али ойлоно элекпиз. Бирок келинди мен эле тандап берем балама. Үй-бүлөдө авторитардык мыйзам күчтүү менде (күлүп алды).
– Уулуңуз сүйүү деп, сизге жакпаган жерден кыз тапкан болсо кантесиз?
– Жок, андай болбосо керек. Мен уулумду психологиялык жактан даярдап койдум. Өзүмдүн кызым болбосо, анын үстүнө жалгыз гана балам болсо. Уулумдун тагдырына кайдигер карай албайм. Эне өз уулуна кантип эле жаман кыз тандасын, туурабы? Экөөбүз тең эле эсептешебиз, ал сүйгөн учурда деле мага көрсөтүп, тааныштырат. Кыргызда жакшы салт бар, “тектүү жердин кызын ал” деген, тегин карайбыз, байкайбыз, тарбия көргөн жердин кызыбы дегендей. Сөзсүз түрдө мен кийлигишем. Бул маселе баламдын жеке өз добушу менен чечилип калбайт.