Бред Питт, Жорж Клуни сыяктуу секс-символго айланган мырзаларды артка таштап, кыздардын жүрөгүн ээлеген көгүш көздүү романтик, жаш “вампир” Роберт Паттинсон тууралуу кызыктуу маалымат сиздер үчүн.
ЖЫЛДЫЗ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
ТЕЙЛОР ЛОТНЕРДИН ЖАНЫНДА ӨЗҮН ЖАМАН СЕЗЕТТолук аты-жөнү – Роберт Томас Паттинсон
Лакап аты – Роб
Туулган жери – Англия, Лондон шаары
Туулган жылы – 1986-жыл, 13-май
Бою – 185 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Сүйүктүү актёру – Жек Николсон
Жакшы көрүп жегени – Фаст-фуд тамактары
Учурда – Актёр, музыкант
ЭЖЕСИ КЫЗДАРЧА КИЙИНТИП КЕМСИНТЧҮ
Үйдүн кенжеси болууну жактыра бербеген Робдун Виктория жана Лиззи аттуу эжелери бар. Виктория жарнама менен алектенсе, Лиззи ырчы. Эжеси Лиззи ал 12 жашка чыкканга чейин өзүнүн көйнөктөрүн кийгизип, баарына Клаудия деп тааныштырып, инисин эл алдында аябай кемсинтчү. Жаштыгынан Лиззи Робертке атаандашчу экен. Анткени иниси атактуу болуп чыга келгенге чейин эжесинин ырлары Америка жана британиялык хит-параддарда жаңырып, алдыңкы тизмектен түшчү эмес. "Күүгүмгө" тартылгандан кийин Роб эжеси Лиззини артта калтыргандыктан, бир тууганы болсо да ал ичи тарыганын жашырбай келет. Жадакалса интернет булактарынын биринде актёрдун атаандашы Зак Эфронду колдойм деп айтканы бар.
«КЫЗ СҮЙҮҮГӨ УБАКТЫМ ЖОК»
Жаш "вампир" алгач сүйүүгө 12 жашында кабылып, болгону, үч жумага созулган. Андан кийин деле сүйгөн кыздары болгон. Эң узакка созулган мамилеси үч жылга чейин жеткен. Азыркы жеке жашоосу жөнүндө айтсак, "Күүгүмдөгү" түгөйү – актриса Кристен Стюарт менен болгон имиштер эле болбосо, бир сулуу менен кол кармашып жүргөнү тууралуу маалымат жок. Актёр бул тууралуу: "Ооба, мен деле убагында сүйгөм, бирок акыл-эсимди жоготуп, ал үчүн жанымды берем дегенчелик эмес. Балким, баары алдыдадыр",- дейт. Акыркы эки жылда ар жерде киного тартылып жүрүп, жеке жашоого убакыт таппай келет, сыягы. Туруксуз мамилелерге каршы экендигин жана ошол эле учурда олуттуу мамилелерге даяр эместигин байма-бай айтып келгени бар. Роб азыр өзүн кинолорго тартылууга арнап, жаңы долбоорлор менен алектенип келет.
ТАТТУУНУ СҮЙГӨН РОБЕРТ
Музыканы абдан сүйөт. Гитара менен пианинодо эң сонун ойнойт.
Аны 12 жашында мектептен айдашкан. Себебин бүгүнкү күнгө чейин айткысы келбейт.
Кезинде «Bad Girl» деген топто гитарада ойногонун көпчүлүк биле бербесе керек.
Спорттон футбол, сноуборд, лыжа тебүүгө кызыгат.
"South China Morning Post Magazine" моделдик агенттигинде модель болуп иштеген.
Роберт таттууну аябай жакшы көрөт. Анын чөнтөгүнөн дайыма шоколад же момпосуй табууга болот.
Актёр менен жок дегенде он мүнөт сүйлөшкөн айым анын аябай сексуалдуу экенин моюнга алат.
«Күүгүмдө» роялда сүйүктүүсү Белла үчүн өзү ойногон. Андан сырткары «Күүгүмдүн» саундтреги болгон – “Мага белги берчи” (“Let me sign”) ырынын автору жана аткаруучусу.
Электрогитараларды коллекциялайт.
Назгүл Исакова
star@super.kg