АДЕЛЬ 12 СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

20-майда Лас-Вегаста болуп өткөн “Billboard Music Award” сыйлык тапшыруу аземинде британиялык ырчы Адель 12 сыйлыкты илип кетти. Мындай салтанатты “Billboard” журналы жыл сайын уюштуруп турат. Адель “Мыкты аткаруучу”, “Мыкты поп ыр жыйнак”, “Мыкты альтернативдүү ыр” жана башка көп сыйлыктарга ээ болду. Бир гана салтанатта минтип бакыт кушун бекем кармаган ырчылардын арасынан Адель үчүнчүсү. Буга чейин бир эле сыйлык тапшыруу аземинде Жанет Жексон – 15 (1990), Майкл Жексон 13 (1983) сыйлыкка татыган болчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
fatima
2012-05-28 19:00:57
аа джастин биберчи....
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан