“Евровидение” сынагына Орусиянын атынан катышып, көп сөзгө алынып калган "Бурановолук чоң энелер" жамааты биринчи жарым финалдан өтүштү. Эми 26-майда боло турган финалды зарыгып күтүп жатышкан убагы. "Бизди көптөр колдошууда. Бардык жактан жылуу кабыл алынып жатканыбыз жагымдуу",- деп билдирген жылдыздар эми финалда кандай ийгиликке жетерине чогуу күбө бололу.