“Аалам сулуусу-2012” сынагын транссексуалдын жеңип алуусунан чочугандар үчүн кубанычтуу кабар болду окшойт. Канаданын "Аалам сулуусу" сынагынын финалына коомчулукта көп кайчы пикирди жараткан кызга айланып алган эркек – Женна Талакова өтпөй калды. Транссексуал Талакова эң сулуу 12 кыздын катарына кирген. Бирок 5 финалчынын катарына кошулган жок. Женна үчүн уюштуруу комитети сынактын эрежелерин өзгөртүүгө мажбур болушкан. Жыйынтыгында жынысын өзгөрткөндөр да сынакка катышуу укугун алышкан эле.