ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоордун өзөгүндө Кыргызстандагы эркек жарандарды аскердик кызматты милдеттүү түрдө өтөгөндөн кийин гана мамлекеттик кызматтарга алуу талабы турат. Исаков: "Бажы кызматына, салык кызматына, укук коргоо органдарына эркек адамдар аскердик кызматты өтөгөндөн кийин гана кирүүгө укуктуу" деген норма киргизилип жатат. Азыркы учурда жаштарда патриоттуулук, мекенге болгон ыйык парз жоголуп, аскердик кызмат өтөөгө аз гана киши барууда”,- деди.
Жыйында ЖОЖдордун алкагында аскердик кафедрада, үй-бүлөлүк шарт же ден соолугуна байланыштуу аскерге бара албай, альтернативдик кызмат өтөгөн жарандардын орду тууралуу да суроо көтөрүлдү. Мыйзам долбоорунун ээси Исаков алар деле аскер кызматын өтөдү деп эсептелерин айтты.