КРнын Башкы прокурору Аида Салянова ЖКда отчёт берип, Ош окуяларынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири болгон Кадыржан Батыровдун Швециядан расмий түрдө каттоодон өткөндүгү тууралуу материалдар келип түшкөнүн билдирди. Башкы прокурор: “Буга байланыштуу Башкы Прокуратура Батыровду экстрадициялоо боюнча Швецияга сунуш-талап жиберет”,- деди. Ал эми "Лондондо жүрөт" делген Максим Бакиев тууралуу “Учурда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда эки тараптуу келишимдин жоктугунан Максим Бакиевди экстрадициялоо иши токтоп калды. Аталган өлкө Кыргызстанга меморандум түзүүнү сунуштап жатат. Эгер кабыл алынып калса, анда бул меморандум Максим Бакиевди берүү талабын коюуга укуктук база болот”,- дейт Аида айым. 2011-жылы 2 депутатка жана министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине карата 14, ал эми аким, айыл өкмөт башчыларына 73 кылмыш иши козголгонун кошумчалады.