Нарын-Торугарт жолунун 225-235-чакырым аралыгындагы тилкеде 1-ноябрга чейин унаалардын кыймылына тыюу салынды. Ага чейин айдоочулар Кочкор районунун ичиндеги башка жолду пайдаланып турушмакчы. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, жергиликтүү эл митингге чыгып, тыюу салууну жоюуну талап кылышкан. Азыр жол куруучулардын ишине тоскоолдук жаралып, машиналар тынбай каттоодо. Мындай көрүнүш улана берсе, анда жолчулар өз убагында реконструкциянын аягына чыгара албай калышы ыктымал.
Айтмакчы, ушул эле жолдун реконструкциясы үчүн 5 донордун акча бөлүп берүүсү каралууда. Азырынча Кувейт фонду тарабынан 25 жылга 1 пайыздык насыя менен 11,9 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Анан Арабиядан Абу Даби фонду 15 жылга 2 пайыздык насыя менен 15 миллион АКШ долларын берген.