Жалпы республикалык тестирлөө кызуу уланып жаткан кези бүгүн. Бирок ортодо "тестирлөөнүн сертификатын жасап беребиз же көп балл топтоп беребиз" деген калпычылар пайда болгонун редакциябызга кабарлашкан эле. Андыктан Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун башкы адиси Чынара Батрекеевага байланышып, төмөнкү маалыматтарды алдык:
– Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймактарында 19-20-май күндөрү ЖРТ өткөрүлгөн эле. Ушундан кийин бизге “аз балл топтоп калсам, аны кийин көбөйтүп алсам болобу?” деген өңдүү билдирүүлөр тынбай түшүүдө. Бизге белгисиз адамдар алдап акча алгандары маалым болуп жатат. Мисалы, мектеп директорлору же мугалимдер "баллды көбөйтүп беребиз" деп алдын ала бүтүрүүчүлөрдөн акча алышыптыр. Ошондой эле ортодо кандайдыр бир адамдар чыгып, тестке даярдоочу колдонмо китептерин 500-800 сомго сатып жатышканын уктук. Мындай китептерди биз 100 сомдун тегерегинде гана сатуу үчүн беребиз.
Эң негизги айта кетчү нерсе, сертификаттагы упайларды эч ким өзгөртө албайт. Ата-энелер, абитуриенттер, "баллдарды көбөйтүп беребиз" дегендерге ишенбегиле! Тестти кандай деңгээлде тапшырсаңыздар, ошончо гана балл аласыздар.