Бишкек шаарынын мэри НАРИМАН ТҮЛЕЕВ: «Бир гана Кудайдан корком»

Айткан сөзүнүн, убадасынын өтөсүнө чыгуу ар бир адамда эле жолуга берүүчү сапат эмес. Бул адам кичинекей кезинен дал ушул сапатты өзүнө адат кылып алган. Ал адатынан азыр да кайтпай келет. Анан да шаар башчысы болгондон бери таң алдында башкалааны кыдырып, көз салганды жактырат. Кеп ким тууралуу баратканын байкадыңызбы, окурман? Бүгүн биздин “Бейнеде” башкалаанын башчысы Нариман Түлеев конокто.

Балалыкка саякат

– Нариман, мырза. Сиздин кабине­ти­ңиз­ге кирген ар бир адам кайсы бир маселе менен келет. Аны чечип берүүңүздү өтүнөт. Ал эми бизге минтип таңдан кечке шаардын маселелери менен алек болгон инсандын балалыгы кызык болууда...
– Негизи, менин кичи мекеним Бишкек шаары. Бул калаада 1963-жылы жарыкка келгем. Ошондуктан болсо керек, борбор калаабызды абдан жакшы көрөм. Бирок Нарын шаарында өсүп чоңойдум. Үйбүлөдө 3 эркекпиз. Кыз жок болгондуктанбы, айтор, жаштайымдан эле үй оокаттарынын баарын жасаганга жатыккам. Байкелерим менен кезектешип үй жыйнап, пол жууп, тамактан өйдө жасачубуз. Ал кезде кир жуугуч машина деген жок болчу. Сууну бир топ алыстан ташып келип, кирди да апама жуудуртпай өзүбүз колго жуучубуз. Ал эми атам бизди өтө катуу кармачу. Эл дем алыш күндөрү эс алса, бизди керээли кечке иштетчү. Жумуш жок дегенде таптаза турган короону шыпыртып тазалатчу. Атамдын тарбия берүүдөгү өзгөчөлүгү ушунда болчу.
– Атаңыз тууралуу бир ооз сөз...
– Атамдын айтканынан кайтпаган, бизди жаштайыбыздан бери бетон куйгандан өйдө үйрөтүп жалкоолукту жактырбаган мүнөзү бар. Бирок азыр эмгекчил кылып тарбиялаганынын пайдасын гана көрүп жатам. Атам бир топ жашка барып калса да учурда абдан кирешелүү бизнес менен алек болуп жүрөт. Кол алдында бир жарым миң адам иштейт. Ал эми апам чыныгы байбичелик доорун сүрүүдө.
– Айтканыңызга караганда тентек балдардын катарына кирген эмес окшойсуз?
– Жок, кайдан? Атам канчалык катуу кармабасын, тентектик боюнча биринчи орунда болчумун. Үйдө жумушту кандай катырсам, мектепте тентектикти да ошондой катырчумун. Калп айтпасам, жумасына бир жолу ата-энеме мектептен чакыруу келчү. Атам жазалаганы менен мектептин босогосун аттаганда эле кайрадан унутуп койчумун. “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы”дегендей кайра эле кыздардын чачын жулуп, мектептин терезелерин такалап, же дагы бир нерсе ойлоп тапчумун. Атам “мунун бир кулагынан кирип, бир кулагынан чыгып кетет” деп көп урушчу. Айрыкча орус адабияты сабагынан көп тентектик кылыптырмын. Дайым эле эжейдин отургучун суу кылып койчумун. Ошого карабай сабактарды абдан жакшы окучумун. Айрыкча география сабагын берилүү менен окур элем. Аттестатымда жаңылбасам эки эле “4” болсо керек.
– Анан тентекти­гиңизди качан кой­дуңуз?
– 9-класста окуп жүргөндө бир бакыраң көз кызды жактырып калгам. Ошондон кийин мүнөзүм, сүйлөгөнүм, керек болсо баскан-турганыма чейин өзгөрүлдү. Бирок биз бирге болгон жокпуз.

«Учурунда шыбакчы да болгом»

– Студенттик күндөрүңүз тууралуу эмне айтасыз?
– Мен политехникалык институтка тапшырып студент болгондон кийин өз алдынча жашоо башталды. Биринчи максатым эле окууну мыкты бүтүп алуу болчу. Жанталашып окуганым эле болбосо студенттик күндөр өзгөчө окуяларсыз, бир калыпта өтүп кетти. Кесибим боюнча инженер болгондуктан, алгач курулуш ишинде кара жумушчу болуп жүрдүм. Ал жерден кыш кынагандан тартып, шыбак шыбоого чейин үйрөнүп чыктым. Анан атам “комсомолдук иштер менен карьера жасай аласың” деп кулак-мээмди жеп жатып, партиялык иштер менен алек болуп калдым. Бирок 90-жылдары анын келечеги жок экенинен көзүм жетти да, эң биринчилерден болуп партиялык билетимди тапшырып салып кете бердим.

«Балдарымдын уктап жатканын эле көрөм»

– Эми үйбүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– 5 балам бар. Кызым Кыргыз-Орус-Славян университетинде билим алып жатат. 1 уулум Англияда. Калгандары мектепте окушат.
Жумуш деп жүрүп балдарга тарбия берүүдөн алыстап кеткен жоксузбу?
– Чынында эле балдарды тарбиялоодо менен ролум азыраак. Жумуштан алар уктап калгандан кийин барам. Эртең менен болсо алар уйкуда жатканда чыгып кетем. Дем алыш күндөрү да жумуштар менен алек болгондугумдан, балдарды тарбиялоо негизинен апасынын моюнунда. Бирок алардын билим алуусуна көзөмөл салып турам.
– Абдан чарчаган кезде кандай эс алууну жактырасыз?
– Мен негизи, атайлап эс алып деле көрө элекмин. Жаңы жылдын астында 3 күнгө Дубайга барып келгеним эле болбосо... Жашоо деген мен үчүн кыймыл. Аман-эсен жүргөнүбүздө кыймылдай туралы. Ал эми тиги дүйнөдө каалаганча эс алабыз (күлүп).
– Спортко убакыт бөлөсүзбү?
– Спортко жашымдан кызыкчумун. Спорттун бир топ түрлөрү менен машыгам. Учурунда Кыргызстандын курама командасы менен жеңил атлетика боюнча Москвага чейин барып келгем. Футбол ойноп, лыжа тебүүнү да катырам. Акыркы кездерде убакыт боло калганда теннис ойночу болдум. Бир ай мурун муз тепкенге баргам. Бирок иш чачтан көп. Андыктан өзүмө абдан жаккан машыгууларга каалагандай убакыт бөлө албайм.
– Кайсы тамакты жасай аласыз?
– Көп эле тамакты жасаганды билем. Керек болсо камыр жууруп, кесме кескен да күндөрүм болгон. Тээ бала кезден баштап эле тамак жасачумун. Кээ бирлер атайын ашпозчудан үйрөнүп жасашса, мага ашкананын сырларын турмуш өзү үйрөткөн.
– Баш калаабызды өркүндөтүү боюнча кандай пландарыңыз бар?
– Мен бир нерсени жар салып айтып туруп, анан аткара албай калгандан абдан кооптоном. Жасаган ишимди да даңазалаганды жактырбайм. Мунун баарын эл айтышы керек. Элдин оозунан жакшы кеп угуп калсам, ушунчалык ырахат алам.
– Калаабызга метро курууга болобу?
– Чындыкты бетке айтыш керек, азырынча мындай курулушка биздин каражат жетпейт.
– Жакында сиз Бээжиндин мэрине өзгөчө белек бериптирсиз...
– Дайыма эле берилип жүргөн белектерден айырмалансын деп уютулган алтынга “Бишкек шаарына жубайың экөөңөр конок болуп кеткиле” деген чакырык жаздырып бердим. Бул белек өз каражатыма жасатылган. Мындай белекти дагы бир кишиге тартуу кылгам.
– Саясатты эмне деп түшү­нөсүз?
– Мен өзүм саясатчы болбосом да, караңгыдан жол тапкан, капилеттен сөз тапкан, сөзүнөн эмес, ишинен эл оозуна алынган саясатчыларга баа берем. “Саясатчымын” деп эле өзүнүн кызыкчылыгына багыт ала бергендер да арабызда аз эмес. Менимче, саясат бул – элге кызмат кылуу.
– Сизди мамлекеттик кызматкер эле эмес, ийгиликтүү ишкерлердин катарына да киргизип келишет. Ийгиликтин душманы деп эмнени айтар элеңиз?
– Эми аракет кылып иштесе, ишкердик деген баарынын эле колунан келет. Бир гана кудайдын ырыскысынан куру калбай эрте туруп иштөө керек. Ийгиликтин биринчи душманы деп мен “жалкоолукту” айтар элем.
– Сиз үчүн бай болуу коркунучтуубу?
– Албетте, коркунучтуу. Жалаң эле бизде эмес, дегеле бардык өлкөлөрдө канчалык бай болсоң ошончо кооптуу өмүр сүрөсүң.
– Акчага байланыштуу ырым-жырымдарды кармайсызбы?
– Мен бир гана Кудайга ишенем. Каалаган нерсемди жараткандан гана сурайм.

Кыска суроого кыска жооп

– Кандай адам менен тил табыша албайсыз?
– Калпычылар менен.
– Эмнеден коркосуз?
– Бир гана Кудайдан, анан өлүмдөн корком.
– Кандай музыкадан ырахат аласыз?
– Классикалык музыкадан.
– Ырдаганды билесизби?
– Билбейм. Бирок гимнди ырдай алам.
–Жактырган машинаңыз...
– Мерседес.
– Эл билбеген өнөрүңүз...
– Галстукту ар түрдүүчө байлай алам. Кээде ар кандай байлап отуруп, жаңы ыкмаларын да ойлоп таап жиберем.
– Жактырган жаныбарыңыз...
– Жылкы.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан