БАБАНОВДУН ӨКМӨТҮ ЖАШООНУ ЖЕҢИЛДЕТТИБИ?

БАБАНОВДУ ЭЭРЧИГЕН ЧУУ ТЫНЧЫЧУДАЙ ЭМЕС
Алмазбек Атамбаев 2010-­2011­­-­жыл­дар­да туура 12 ай өкмөттү жетектеп турду. Бул аралыкта мектеп мугалимдеринин айлыгы көбөйүп, пенсионерлердин пенсия акысы жогорулады. Аялуу социалдык катмардын абалы кичине болсо да жакшыра түшкөн. Премьер болуп турганда айрым бийлик төбөлдөрү сымал чуулгандуу иштерден төбөсү көрүнбөдү. Аткарган ишин пиарлап, ашыкча жар салганы да байкалган эмес.
2011-жылдын аягында Министрлер кабинетинин башчылыгына келген Өмүрбек Бабановдун премьерлик убактысы жарым жылга барып калды. Анын “100 күндүгү” серепчилер тарабынан жомок катары кабыл алынган эле, жыйынтыгында программанын көп учуру жомоктой болуп кала берди. Көңүл бурарлык жагдай, Өмүрбек мырза 2010-жылы Ак үйдү аттап кирген күндөн бери ушак-айың, ага карата доомат коюу менен айып тагуулардан башы көтөрүлө элек. 2011-жылы "Мегаком" жана башка коррупциялык иштерге тиешеси бар" деген сөздүн айынан биринчи вице-премьер кызматынан убактылуу эс алууга да чыккан болчу. Уюлдук операторго байланыштуу айыптар кайрадан күч алды.

КАЛКТЫ КЫМБАТЧЫЛЫК КЫЙНАДЫ
Апрель, Июнь коогалаңдарынан, каатчылыктардан кутулдук. Жашоо стабилдүү боло түштү. Мамлекеттер аралык кагылышка жетпей токтоп, ошого карабастан, Бабанов келгенден бери базардын баасы күн санап өсүп жатканын соодагерлер да байкабай калышууда. Азык-түлүк саткан күркөнүн кожоюндары “өсүмдүк майы, шекер, ун жана сүттөн жасалган азыктарды алып келишкендер ар биринин мурунку баасына 1 сомдон 5 сомго чейин кошуп жатышат. Эл баягы баасына көнүп калганы үчүн азырынча эски баа менен сатсак да, бир күнү кымбаттатууга мажбур болобуз” дешет. Анын үстүнө кыш кеч чыгып, жаз мезгилинде дамамат сел алуулар кайталанган сайын күз түшүмү күмөн жаратууда. Мындан улам Ак үй менен Көк үйдө күзүндө “өкмөт отставкага кетет” деген сөздөр күч алып, Бабановдун кызматтан оошуна пайдубал курула баштады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
aiba2106
2012-05-28 14:36:55
negizi kyrgyzdyn psihologi9syna sinip kalgany baaryn jonokoi oiloit.kyrgyzdyn e4 kimisi kyiratpait.jakwy boluu asta astada kim ele kaisy olko tez ele onugup ketiptir!!!!!!!!
0
monchok
2012-05-28 14:51:15
Супер инфо Атамбаевди мактап салдынар хехе
0
ruslanbek8686
2012-05-28 16:12:05
Бабанов озу учун иштеп журот,Баткенден Тажигистанга отуп жаткан бензиндин токсон пайызы Бабановбуку дешет аларды милиция кызматкерлери да тосушпайт.
-1
asel86
2012-05-28 16:44:58
Атамбаев мугалимдердин айлыгын кобойтту дейсинер а бирок ошого жараша кымбатчылык дагы болуп жатпайбы, башкасын айтпасак да жол кирени эле алалы
0
timan86
2012-05-28 16:51:16
Оббо дагы Атамбаевбы эмнеле акыркы кундору буну мактап еле калдынар кылган ишинин тайыны жок Призидент деген бундай болбош керек кичине элдин алдында суйлошту уйронуп анан иштерин билсе болмок начар
0
rios.07
2012-05-28 22:17:54
Ооба Атамбаев жакшы иштеп жатат!
+2
Bai
2012-05-29 14:54:02
"A"deysinerbi"B"deysinerbi baari bir Saacashvilige jetpeysiner
+2
ajik41-45
2012-05-29 15:42:09
Баардык нерселердин кымбатташына бир гана окмот куноолуу. Себеби ар бир окмотто гос. цена деген болот а бизде ал закон иштебейт. Ар ким оз чонтогун ойлойт. Куйуучу майларды арзандатып койсо коп нерсе арзандайт. Эмне себеп мурунку окмотто куйуучу май 20 сомду тузсо, а бул окмоттун учурунда 40 сомду тузот? Куйуучу май кымбат болгон сон баары кымбаттайт да. Жэ болббосо айлык маяналарды ошого жараша которуп койсо болбойбу?
0
ajik41-45
2012-05-29 15:45:30
Мен билгенден ушул убакка чейин окмот оздору учун жакшы иштеп келе жатат, эч ким эл учун иштеген жок.
0
bmmkgstan
2012-05-30 00:03:19
Salamatsizdarbi SUPER INFO jaamati. Konuluzdorgo kattuu tiybese, suroom bar ele joop berip koisonuzdar, bul makalani kim jazdi eken ? Sizder dayim ele makalanin asti jaginda makalani kim jazgandigin tastiktagan ati jonu jazilip turchu ele. Bul makalada emne jazbadinizdar ? Kandai bulaktardan alinip jazildi. Men Babanovtun ech kandai jaktoochusu da emesmin, Babanov menen kainasa kanibiz da koshulbait. Bolgonu ozumdun gana jeke kizikchiligim...
0
MiranA
2012-05-30 13:52:10
bmmkgstan, жаңылыктарды камтыган чакан макалаларга автор коюлбайт. Байкасаңыз, бул сындуу макалалар сайтта көп эле. Буга бир далил: http://www.super.kg/article/?article=15999
Ал эми апта жаңылыгы рубрикасынын кабары өлкөдө болуп жаткан окуялардын өнүгүшүнө таянып, саресеп берүү менен жазылат.
0
turatbek-92
2012-05-30 19:34:21
Атамбаев, Бабановду мактагандар айткылачы ишке киришкенден бери эмне жумуш жасады козго корунорлук? Жасаган да жок жана жасаганга кучу да жетпейт, карызыбыз чачыбыздан коп дагы карыз алгандан тажабай келет. Аны ким толойт.
0
nazgul8076
2012-05-31 10:01:22
Ооо деги элдин жашоосу качан онолот озу ыя.....
0
Almaniya
2012-06-01 15:20:41
Эх кыргыз элим! Биз дайым сын такканга кыйынбыз,бирок биз алардын жанында боло албаган сон кантип чындыгын билебиз.Балким жакшы,элге иштеп аткандыр же озулоруно иштеп аткандыр.... Алардын ордуна озубузду койуп королу,ошондо кандай болот.Ак иштеп атсада баары бир сын таккандар боло берет,негизи пейлибиз онолбосо жарыбайбыз туугандар....
0
sabr
2012-06-02 22:24:13
аракет кыла берели аллах бизди колдойт биз кыргыз жакын арада кучтуу мамлекет болобуз ушакты токтолу ушак чон куноо нам нужно работат регулярно постоянно
0
islamkg
2012-06-03 03:53:40
Борбор азиядагы эч чон авто базар"азамат", тажикстанга ташылып жаткан тонналап куйуучу майдан тушкон кирешелер Эле канча деген миллиондор,,,дагы биз билбеген левактары коп бул мырзанын, азаматсын омурбек ийгилик сага,суранаарым бир Гана нерсени унутпа баардык нерсенин чеги,аягы бар-Ар бир тыйынга жооп берчу кун бар кудай астында !
0
№ 499, 25-май-31-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан