Кезинде Султан десе ичкен ашын жерге койгон кыздар көп эле. Азыр ырчы үй-бүлөлүү болуп калса деле андай күйөрман кыздардын саны азая элек. Кээде “жубайы ырчынын күйөрман кыздарына кантип түтөт болду экен?” деген ой келбей койбойт. Жаш үй-бүлөнүн кызыктуу жашоосун билүү максатында Султан менен жубайы Аселди маек төрүбүзгө чакырдык.
– Саламатсыңарбы? Түтүн булатканыңарга эки жыл болуп калды, бири-бириңерди жакшы билип калсаңар керек. Асел, Султан үйлөнгөнгө чейин кандай эле? Үйлөнгөндөн кийин өзгөрүлдүбү?
Асел: – Жакшы. Султан үйлөнгөнгө чейин шайыр, көйрөң болсо, азыр кичине токтолуп калган. Күн өткөн сайын бири-бирибизге көнүп, сиңишип, мурункуга караганда жакшы түшүнүшүп баратабыз.
Султан: – Ооба, чынында, жакшы түшүнүшүп калат экенсиң. Үйлөнгөнгө чейин Асел такыр эркелечү эмес, азыр өтө эрке. Досторум мени жумшаксың дешет. Ошол жумшактыгымданбы, айтор... Бала кезимде аялымды эркелетип, китептегидей, жомоктогудай кызыктуу жашайм деп кыялданчумун да...
А: – Ошондой болуп жатабы анан?
С: – Болуп жатат окшойт... Аябай такып сурадың го...
– Кыз-жигит болуп жүргөндө урушуп кеткен учурлар болгонбу?
А: – Ооба, урушчубуз... Кээде Султан сүйлөшүп жатып эле телефондун трубкасын коюп салчу.
С: – Эми ошол убактагы абалга байланыштуу эле да. Гастролго чыгып, телефондун "зарядкасын" албай калып өчүп калат дегендей.
– Султандын күйөрман кыздары толтура, алардан кызганбайсыңбы?
А: – Жок. Алар, болгону, күйөрманы да. Тескерисинче, Султан мени кызганат, саат сайын чалып, "эмне кылып жатасың?", "каякта жүрөсүң?" деп.
С: – Эмне айтып салдың анын баарын? Негизи, мусулманчылыкта "аялын кызганбаган эркек бейишке чыкпайт" деп айтылат эмеспи. Албетте, кызганасың да, аялың болгондон кийин. Ал эми аялы күйөөсүн кызганбаш керек.
– Султандын кайсы адатын калтыра албай убарасың?
А: – Үйдө артынан жыйнабайт. Калтыра албай жүргөн адаты – уйкучулугу.
– Бири-бириңерге жиниңер келгенин эмнеден улам билип каласыңар?
А: – Чынын айтсам, жини деле келбейт. Кээде кабак-кашы бүркөлүп калганда ачууланып калганын байкап калам.
С: – Аселдин жини келбейт, абдан чыдамкай, кээде эле мени укпай көк беттенип коймой адаты бар. Анан жинине тийбейин деп эки-үч күн сүйлөбөй коём. Негизи, жакшы көргөн адамыңды чын жүрөктөн сүйсөң, кемчиликтери деле көзүңө көрүнбөйт.
А: – Койчу, үйдөн башкача айтасың го (күлүп)...
– Бизге берген маектеринин биринде Султан "аялым досторума кошпойт" деп айткан болчу. Чындап эле кошпойсуңбу?
А: – Султандын достору көп. Ал өзү билет кимге кошулууну. Мени укпайт деле, ачыгын айтканда.
– Султандын ачык-айрым, баарын бетке айтып салмай мүнөзү бар, сага катуу тийбейби?
А: – Жок, ал айтчу сөзүн мага эле эмес, менин ата-энеме, бир туугандарымдын деле бетине айтып коёт.
– Биз билген Султан кандай ата?
А: – Мыкты сапаттарынын бири – анын чектен ашкан боорукерлиги, күйүмдүүлүгү. Үйдө да жөн отурбай кол кабыш кылып, мага жардамдашат. Мына, кечээ бир жерде тамактанып отурсак, жеп жаткан тамагын көчөдө бараткан бир итке берип салды. Анан аябай баласаак. Мен Акмырзаны урушсам, "урушпа" деп мени тыйып калат.
С: – Уулум Акмырзанын мурдун чымчып аарчыса, бетин жууса да кежирленип ыйлай бермей адаты бар. Анан айтам, "ыйлатпачы баланы, өзүм эле үч күндө бир жууп турам" деп.
– Султан, “аялыңа болгон сүйүү бара-бара балага өтүп кетет экен” деп айтканың бар. Кимди көбүрөөк жакшы көрөсүң?
С: – Жараткан экөөнө эки башка сүйүү берген да. Эгер экөөнү салыштырсам, уулум Акмырза сүйүүмдүн көбүрөөк пайызын ээлеп калат го...
– Акмырза төрөлгөндө жолдошуңдан эмне белек алып, кандай сөз угуп кубандың?
А: – Үч күн достору менен майрамдап жүргөнү белек болду мага (күлүп). Белек десе эле кымбат баалуу буюм эмес, жылуу сөздөрүн айтып көңүлүңдү алып койсо жакшы да, ичиң жылып калат.
– Эгерде Султан экинчи аял алам десе макул болот белең?
А: – Ооба, эгер аял алам десе макул болмокмун. Жакшы да, аны жумшап коюп өзүм отурмакмын (күлүп).
С: – Хе-хе... Жо-ок, мен ойлойм да, бул атайын ушинтип айтат болуш керек. Негизи, кээде "эмне, мени сүйбөйбү?" деген деле ой келет. Бирок экинчи аял алганга оюм да, каалоом да жок. Асел өзү эле 10 аялга тете.
– Үйдө чатакты ким биринчи чыгарат?
А: – Акмырза (күлүп).
С: – Мен буга жиним келип, ачууланып турсам да, колунда балам күлүп турса баарын унутуп калам.
– Султандын калп айтып кармалып калган учурлары болгонбу?
А: – Андайлар болгон. Султан калп айтканда мурду көтөрүлүп калат. Анын калп айтып жатканын мурдунан эле билип коём.
С: – Ооба, дос-тааныштар менен отурганда калп айтып койсом, алардын көзүнчө калпымды чыгарып коёт. Бул жакшы нерсе экен, кийинкиде калп айтпаганга аракет кылып каласың. Эң башкысы, мага кошулуп калп айтышпайт да. Керектүү жерден бирөөнүн көңүлү үчүн деле калп айткан учурлар болот да, турмушта.
– Рахмат, маегиңерге. Бактылуу жаштардын катарын толуктап жүрө бергиле. Султан, 1-июнда өтчү концертиң ийгиликтүү өтсүн.
Лунара Бекиева
star@super.kg