АЗАМАТ БАЙМАТОВ: «Жаңы сыноолорго даярмын!»

Түркиядан учуп келген футболчубуз Азамат Байматов латвиялык “Вентспилс” командасына кошулгандыгы тууралуу кабарын билдирди. Эми минтип кыргыз футболуна таандык маанилүү футболдук трансфер ишке ашып, Азамат УЕФАнын ЧЛсында ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргызстанда жеңүү керек болгон бардык сыйлыктарга ээ болуп, эми чет элдик футбол талааларын багынтууга бел байлаган коргоочубуз менен Латвияга учар алдында маек курууга жетиштик.

– Азамат, “Вентспилстин” курамына кошулгандыгың менен куттуктайбыз! Ушул сезон аралыгында сенин жашооңдо көп эле окуялар болгонунан кабарыбыз бар. Кандай сезимдер болуп жатат?
– Кандай десем, өзүмө абдан ыраазы болуп жатам. Анан дагы аябай чарчадым.
– Анда эмесе кеп башынан болсун. Маегибизди Казанга болгон сапарың тууралуу баштасак...
– Рахмат. Баарына белгилүү болгондой, “Рубиндин” кароосуна Мирлан Мурзаев экөөбүз чакырылганбыз. Анда казандыктардын экинчи курамына өтүү маселеси турган. Кыргызстандан барып, дароо эле Орусиянын чемпионунун негизги курамына кошулуунун өзү реалдуу эмес да. Мына жакында УЕФА улуттук чемпиондуктардын рейтингин жарыялады. Анда Орусиянын чемпиондугу атактуу күчтүү бешилтиктен кийинки 6-орунга көтөрүлүп алды. Андыктан мен өзүм да “Рубиндин” запастагы оюнчусу болгум келген жок. Такай оюн тажрыйбасына ээ болбосоң өспөйсүң да.
Бирок “Вентспилс” “Рубин” эмес да, туурабы?
– Ооба, буга кошулам. Бирок мен Кыргызстандын чемпиондугунун өкүлү үчүн мындай вариант идеалдуу эле болду деп ойлойм. Мен чоң командада запаста отургуча, дайыма ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турууну туура көрөм. “Вентспилсте” мындай мүмкүнчүлүк бар. Муну команданын жетекчилиги жана башкы машыктыруучусу менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдим.
– Негизи эле “Вентспилс” сени менен кантип байланышка чыгып калды?
– Шериктештик кубогунда алар менен болгон беттеште машыктыруучулары көз салып коюшкан экен. Натыйжада, агентим аркылуу байланышып, кароого чакырышты. Мындай мүмкүнчүлүк Түркияда машыгуу сбору учурунда ишке ашты. “Дордой” бул жакка кайтканда мен дагы 10 күн латвиялыктар менен машыгып жүрдүм.
– Анда жаңы командаң­дын курамында оюн өткөрүүгө да жетишиптирсиң да?
– Ооба, эки беттеш өткөрүүгө жетиштим. Алгач польшалык командага жеңилүүгө аргасыз болсок, орусиялык команда менен болгон оюнда тең чыгуу катталды. Биринчисинде майданда толугу менен ойносом, экинчи беттеште бир саат гана ойнодум. Айтор, машыктыруучулар ар тараптан сыноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
– Анан сенин аларга жакканды­гыңды качан кабарлашты? Кайсы сапаттарың жагыптыр?
– Машыгуунун аякташына бир күн калганда командага жаккандыгымды агентимден уктум. Ал менден: “Өзүң эмнени каалап жатасың? Командада калууга макулсуңбу?- деп сурады. Анан команданын башкы машыктыруучусу Роман Григорчук менен сүйлөштүм. Ал менин оюндун жүрүшүн мыкты окуп билүү менен «экинчи кабатта» мыкты ойноо жөндөмүмдү жана жогорку ылдамдыгымды баса белгиледи.
–Ал эми жаңы командалаш­тарың кандай кабыл алышты?
– Биринчи жолу чогуу болгонумду эске алганда, абдан жакшы. Жылмаюулар, тамашалар жана суроолор менен кабыл алышты. Өз командамда болгондой эле сезим пайда болуп калды. Негизи эле “Вентспилс” көп улуттуу команда экенин билдим. Командада бразилиялык, африкалык жана башка коңшу өлкөлөрдүн өкүлдөрү чогулган. Мен 10-легионер болдум.
– Кайсы тилде сүйлөшүп жат­тың?
– Командада латыш, англис жана орус тилинде сүйлөшөт экен. Түркияда мейманканада камерундук Жан-Поль Ндеки менен 10 күн бир бөлмөдө жашадым. Аны менен англис тилинде сүйлөшүп жүрдүм. Өзүм ЖОЖго башында чет тил факультетине (англис) тапшыргандыктан, англисче эркин эле сүйлөйм. Андыктан тил жагынан кыйынчылык болбойт деп ойлойм.
– “Дордой-Динамо” менен кандай сезимдер менен коштошуп жатасың?
– Мен өз үйүмдү, өз командамды таштап кетип жатам. “Дордойдо” жакшы колдоого ээ болдум, көп нерсени үйрөндүм. Улуттук курама командага чейин өсүп жетилдим. Командалаштарым, жетекчилик ийгилик каалап узатышты. Жалпы командага, мени колдогондордун баарына ыраазычылыгымды билдирем.
– Улуттук курама команда демекчи, жакында Чакырык кубогунун алдында команда машыгуу сборуна чогулуп жатат. Келесиңби?
– Улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу Анарбек Дардаңович менен сүйлөштүм. Албетте, келем. Эми андай маселелер жаңы командам менен макулдашуулардын негизинде чечилет. Мен, албетте, курама командага колдон келишинче учуп келип, ойноп берип турууга даяр­мын.
–Учурда эмне менен алексиң? Латвияга качан сапар тар­та­сың?
– Эң оболу виза жасатышым керек. Бул үчүн тиешелүү документтеримди бүтүрүп жана ата-энем менен коштошуп келүү үчүн Ошко учуп жатам. Көрсө, Бишкекте Латвиянын элчилиги ачыла элек экен, визаны Москвадан жасата турган болдум. Эмнеси болсо да 13-мартта командамдын катарында болуп калышым керек. Анткени жакында Латвиянын улуттук чемпиондугу башталат.
– Жеке жашооң кандай болот?
– Сүйлөшкөн кызым менен эми жайга чейин көрүшпөй турган болдум. Эмне кылабыз, телефон, интернет бар го.
– Анан дагы сурайын дегеним, эми сенин алдыңда жаңы командада өз ордуңду таап кетүү деген маселе турат...
– Ооба, өзүм ушундай жолду тандап алгандан кийин колдон келген күч-аракетимди жасайм. Атаандашууга чыдаш керек. Баарыбыздын эле эки бутубуз бар да. Мен ал жакта да өз ишимди так аткарсам, жогоруда аталгандар маселе жаратпайт деп ойлойм.
– “Вентспилстин” былтыр УЕФАнын Чемпиондор Лигасында дебют жасагандыгы маалым. Тайпалык этапка карай экинчи тандап алуу баскычынан өтпөй калган. Чемпиондор Лигасында ойногуң келип жатса керек?
– Албетте. Бул ар бир футболчунун кыялы десем жаңылышпайм. Буюрса жайында «Вентспилс» кайрадан Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына кирүү үчүн таймашат. Максатым – команданын негизги курамына кошулуп, Чемпиондор Лигасында дебют жасоо.
– Ал жакта футболдон тышкаркы жашооң кандай болмокчу?
– Вентспилсте стадионго жакын жерде мейманканадан бөлмө менен камсыз кылышты. Азырынча мейманканада жашап турсам, анан көрөм да.
– Өзүң менен кошо эмнелерди алып бара жатасың?
– Биринчи кезекте зарыл болгон буюмдарымды, кийим-кечектеримди жана Кыргызстандын желегин алып алам. Кандай гана жеңишке жетишпейин, туубуз дайыма жанымда болот.
– Сага чоң ийгилик! Футболдук фортуна дайыма жылмайып турсун. А сен кыргыздын желегин көтөрүп, кыргыздын атын таанытып жүрө бер!

Азаматтын жаңы командасы тууралуу

“Вентспилс” – Латвиянын Вентспилс шаарынын футболдук командасы. 1997-жылы негизделген. 1999-жылы Интертото кубогунда, 2000-жылы УЕФАнын кубогунда (азыркы Европанын Лигасы) жана 2007-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасында дебютун жасаган. Латвиянын 3 жолку (2006-2008) чемпиону, 4 жолку (2003-2005 жана 2007) кубогунун ээси. 2007-жылкы Шериктештик кубогунун финалчысы.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
manaeda
2009-09-14 20:02:53
Атың да Азамат, Өзүн да Азамат экенсиң. Ийгилик сага.
0
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан