Бул ирет Ассоль тууралуу эмес, анын 15 жашар уулу Жан Воинов жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Жан аздыр-көптүр таанылып калган бийчилердин катарында. Ал жакында эле Казакстанда өткөн R-16 чемпиондугунда 1-орунду алып, 300 миң теңге байгеге ээ болду. Ошондой эле Сеулда өткөн Дүйнө чемпиондугуна барып, атактуу жана күчтүү бий аянтчасынын падышалары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алды. Cынакка КМШ өлкөлөрүнүн ичинен миңге жакын бийчи катышкан.