Кайгылуу ырлардын акесин тааныткан Гүлжигит Сатибеков бул жылы жалаң тамашалуу ырларга ооптур. Жакында “Тико”, “Наабайчынын кызы”, “Лейлектик кыз” деген тамашалуу ырларына катары менен клип тартканга даярданып жатканын айтат. Ии, баса, ырчы “Ошко сапар” деген ырынын клибине байланыштуу “эмнеге оштук кыздарды семиз кылып көрсөтүп койгонсуң?” деген сындарды көп угуп жатыптыр. Сценарий боюнча, Жеңишбек Айтиев таанышкан башка татынакай эле кыз болуп, толук кыз аны "мынабу кыз сени менен таанышкан, мен эмес" деп көрсөтмөк экен, бирок клип тартылар күнү келбей калып, ал кыз жалгыз тартылып калыптыр.Ошондуктан, оштук кыздар, чычалабай эле койгула, сценарий боюнча, сулуу эле кыз тартылмак экен.