ЖЫЛДЫЗДАР ЖАРЫШЫ

Башка элдердин «Большие гонки», «Последний герой» сыяктуу берүүлөрүн баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Мындай берүүлөрдөн биздин кыргыздар деле кур эмес экен. Жакында «Белый парус» эс алуу борборунда «Жылдыздар жарышы» аттуу конкурс өттү. Албетте, жогоруда айтылган орустардын же башкалардын берүүсүнүн деңгээлинде эмес, өзүбүзгө жараша.

«Жылдыздар жарышы» деп аталышы айтып тургандай, оюнчулардын басымдуу бөлүгүн кыргыз эстрада жылдыздары түздү. Оюндун шарты боюнча алты-алтыдан бөлүнүп, бири кызыл, экинчиси көк футболкаларды кийген командалар сууда жана кургакта ар кандай спорттук көнүгүүлөрдү аткарып, күч сынашат экен.
Долбоордун автору Нурсулан Сыдыгалиев мындай дейт: «Бул долбоордун идеясы досум Улук Макешов экөөбүздүкү. Идеянын пайда болуп, иш жүзүнө ашырууга уруксат алганыбызга жарым жылдай убакыт болду. Бирок, долбоор жайкы спорттук оюндардан тургандыктан, эми ишке ашырып отурабыз».

КӨК КИЙИМЧЕНДЕР

КЫЗЫЛ КИЙИМЧЕНДЕР

Оюндун көпчүлүк бөлүгү бассейнде, суу ичинде өттү. Ошого байланыштуу оюнчулар да суу ичинде көбүрөөк болгонго туура келгендиктен, үшүп-титиреп калышты. Катышуучулардын бири жаш ырчы жигит Мирбек Атабековго суу ичинде турган жеринен суроо менен кайрылдык:
– Мирбек, үшүдүң­бү?
Аябай үшүдүм.
– Сага оюндун жакпаган жерлери да болуп жатабы?
Мага оюндун жакпаган бирден-бир жерисууга көп түшкө­нүбүз болуп жатат. Мен негизи эле сууда көп боло албайм. Кичине эле үшүсөм көгөр­үп, жаактарым карышып калмай адатым бар эле. Бирок, үшүгө­нүмө карабай ойноп жатам.
Мындагы оюндардын кызыктууларынын бири – тоок чогултмай оюну бол­ду. Оюндун шарты боюнча тор менен тосулган жайдын ичине коё берилген тоокторду эки командадан эки өкүл чыгып, мүшөк­төргө салат экен. Оюндун аягында кимдин тоогу көп болсо, утуш ошонуку. Бул оюнга Урмат Усенов чыкты. Өзгөчө имиджи менен кыздардын көңү­лүн өзүнө бурган Урмат Усенов ырдын гана майын чыгарбай, спорттук оюндарда өтө шамдагай экендигин байкадык.
– Урмат, тоок кармаган кыйын бекен?
– Канаттарын каккылашып ар кимиси ар жакка учканда кайсынысын кармашты билбей калат экенсиң.
– Бала кезиңде тоок кармачу белең?
– Союш керек болгондо тырпыратып кууп калчу элем. Башын жулуп коюп короону айлантып чуркатып далай жолу тамаша кылганбыз.
«Сема» тобунун солисти Самарбек болсо сууда жакшы сүзгөндүгү менен башкалардан айырмаланды. Ал сууда сүзүү боюнча кандай оюндун түрү болбосун, өзүнүн командасына жеңиш алып берип жатты.
– Самарбек, сууга сүзүүгө кызыгасыңбы?
Мен бала кезимден сууда сүзүү менен чоңойдум десем болот. Үйү­бүз­дүн жанында чакан арык болор эле. Май айынан баштап чыт курсак балдар ошол арыктагы суудан чыкчу эмеспиз. Тапшырган жумушту унутуп, сууга түшүп жүрө берип эчен жолу атамдан токмок жеген күндөрүм да эсимде. Азыр болсо маал-маалы менен бассейнге барып турам. Сууда сүзүүгө жан-дилим менен берилбесем да анын денсоолукка пайдалуу экенин билем. Бирок, кечээ бул жакта сууга көп түшкөнгө бүгүн бир аз сыркоолоп калыптырмын.
Оюндун дагы бир кызыктуу бөлүгү – суудагы кадимки эле бакаларды кармап, эки жакка коюлган аквариумга салуу болду. Мында эки командадан чыккан өкүлдөрдөн Салкынай Алиева аквариумга көп бака салууга жетишип, Айжан Газиева атаандашынан калып калды.
– Айжан, эмне үчүн атаандашыңдан калып калдың?
– Мен бала кезимден эле бакадан аябай корком. Канча жашта экеним эсимде жок, бирок, кичине кезимде балдар ме­ни бака менен катуу коркутуп койгон. Ошондон бери баканы көрсөм ичир­­­кенип кетчү элем. Эми болсо минтип бака менен «кучакташканга» туура келди. Уюштуруучулар «кыздар чыксын» деп чечим чыгарып коюшуптур. Ошентип, команда үчүн аргасыз катышуума туура келди.
Мында жалпысынан жыйырма чакты оюндун түрү болду. Мурда жылдыздарыбызды сахнадан ырдагандагы эле талантын көрүп жүрсөк, бул оюн аркылуу алардын шамдагайлыгына да күбө болдук. Жылдыздардын бул жарышын толук бойдон сентябрь айында эфирден көрө аласыздар.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 197, 11-17-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан