САХНА ДЕП ЖҮРҮП...

Эл алдына чыгып өнөрүн тартуулаган талант ээлеринин ыйык көргөн жайы сахна эмеспи. Алар сахнага чыкканда ак көз, кара көздөр бутунан башына чейин карап, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болору да турган кеп. Мына ошол сахнага чыгып, атак-даңкка жетишүү үчүн алардын айрымдары эмнелерден баш тартканына күбө болуңуздар.

Ынак: «Сахна деп ар кимге жалдырагам»

– Сахнага чыксам дегенде ак эткенден так этип, көөдөнүмө батпаган ыр үчүн мен эмнелерге гана барбадым. Ырчы болом дегениме ата-энем караманча каршы болуп туруп алды. Алардан уурданып чыгып, “Россия” кинотеатрына келип, “мени чыгарып койгулачы, ырдайм” деп кимдерге гана жалдырап, кимге гана жалынбадым. Кийинчерээк ыр жаздыра баштаганда ата-энемден, тууган-уруктан уруш угуп, жеме жеп жүрдүм. Сахна деп жүрүп ачка калып, каткан нан жеген күндөр да болду. Ошентип, ден соолукту тобокелге салып, ата-энем менен таарынышып жүрүп, кудайга шүгүр, азыр ата-энем, үйбүлөм, калдайган кыргыз калкым менин колдоочуларыма айланды.

Алекс: «Мурдума эки жолу операция жасаттым»

– Кичинемде көп кыйынчылыкты баштан өткөрүп, турмуштун таттуусунан да ачуусун көп таттым. Колума гитарамды кармап алып, Алай тоосуна чыгып, чоң сахнаны элестетип көп ырдачумун. “Ыйык сахнага чыгамын” деп борборго келип, бул жерден батирден батирге көчүп жүрүп, акыры сахнага бет алдым. Сахна адамына бир эле талант эмес, көрк да керек экен. Ал үчүн мен мурдума эки жолу операция жасаттым. Операция жасатканымдын дагы бир себеби ичине эт өсүп, ырдоого кыйынчылык туудурду.

Айжан: «Оюндан кур калгам»

– Бул суроого “мен арыктайм деп диетага отургам” десем туура келбейт. Анткени кичинемден эле ырбыйган арык кыз элем. 6 жашымдан тарта музыкалык мектепте окудум. Өзүм теңдүү балдардын ойноп жатканын көрүп, алар менен ойногум келчү.
“Апа, мен да ойноюнчу?!” десем, апам “сен чоңойгондо ырдайсың, эл адамы болосуң” деп ойнотчу эмес. Ошентип, бактылуу балалыкты музыка деп жүрүп өткөрүп жибериптирмин. Бой жетип, сахнага ырдап чыккандан кийин үйбүлө күтүп, эне бактысына ээ болдум. Жолдошум ырдаганыма каршы болгон жок. Бирок тагдыр ушундай экен, экөөбүз курган очок башка себептерден улам ыдырап кетти...

Назми: «Күйөөдөн баш тарттым»

– Ачыгын айтайынбы? Сахна деп мага куда түшүп келген жерден, башкача айтканда, күйөөдөн баш тарттым. Себеби колумду сурагандар “сен ырдабайсың” деп талап коюшкан. Сахнада толуктар жакшы көрүнбөйт эмеспи. Толуп кетпейин деп манты, лагман сыяктуу камыр тамактарды жебей калдым. Майлуу тамактарды көргөндө шилекейим куюлуп, көзүм кызарган боюнча калат. Ошентип, сахна деп жүрүп турмуш курууну кечеңдеткеним аз келгенсип, даамдуу тамактардан кур калып жатам.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан