КОKOН ГИЛАС

Гилас. Май айынын алгачкы апталарынан баштап базарларга баш баксаң, бадырайган кыпкызыл гиластар көздү кызартып, шилекейди чуурутат. Дайыма жеп жүргөн бул мөмөнүн адамга кандай пайдасы бар?

ГИЛАС – ТҮШТҮКТҮН "ВИЗИТТИК КАРТОЧКАСЫ"
Кокон гилас көбүнчө Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт. Өзгөчө Баткен облусунда, анын ичинде Кадамжайда өстүрүлө турган сорту өтө популярдуу. Маалыматтарга караганда, 1919-1920-жылдары Кадамжай аймагынын алып сатарлары Кашкардан гиластарды алып келип, Коконго алып барып сата башташкан. Кокон гилас аталышы ушундан келип чыккан. Гиласты өстүрүү да алгач Кадамжайда башталган. Түшүмдүүлүгүнө карап Ош жана Жалал-Абад облустарында да көп өстүрүлүүдө. Күндүн нурун көбүрөөк талап кылат. Кургакка чыдамдуу. Көлөкөдө бою өсүп кетип, мөмөнү аз байлайт. Топуракта нымдуулук ашыкча болсо, өсүшү жайлап, акырында куурап калат. Гиластын сорттору: кокон гилас, кадимки гилас, сары Дроган сорту, бахор, Валовая 3, ярославна жана башка.
Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын агроөнөржайды өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башкы адиси Жаныкул Назировдун берген маалыматы боюнча, Баткенде 1 дарактан 20-25 килограмм мөмө алынат. Валовая сорту эң көп тигилет. Учурда облус боюнча 1294 гектарга гилас дарагы өстүрүлүүдө. Быйыл аба ырайы салкын болгондугуна байланыштуу түшүм азыраак. Бышкан мөмөлөр өлкөдөн тышкары Орусияга сатылат.

ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ
Кокон гилас мөмөсүнүн курамында адамга эң пайдалуу: белок, көмүртек, аскорбин кычкылы (кислотасы), тиамин, кальций, темир, магний, фосфор, калий, йод, натрий жана башка заттар бар. Ошондой эле фруктоза, глюкоза, С, А, В1, В2, Е, РР витаминдерин камтыйт.
Мөмөсү кулинарияда компот, кыям жана кондитердик азыктарды даярдоо үчүн колдонулат.
Бөйрөктүн, боордун жана ичегинин иштөөсүн жакшыртып, кан айланууну жөнгө салат. Кан тамырларды бекемдейт. Артритте жана кызыл жүгүрүктү дарылоодо жардамы чоң. Курамында темир жана витаминдер болгондуктан, аз кандуулуктан арылууга жакшы көмөк берет. 1 күндө 400 граммдан ашык жебеш керек. Болбосо ич көбөт.

Кимдерге көп колдонууга болбойт?
Кант диабети барларга, ашказанынын кычкылы жогоруларга, ашказанында жарасы барларга гиласты көп колдонууга болбойт. 1 күндө 150-200 граммдай гана жеш талапка ылайык.

КОСМЕТИКАДА

Кургак териге маска
Алгач гиласты данектеринен ажыратып алуу зарыл. Анан идиштин жарымын айран, жарымын кокон гилас менен толтуруп, эзип, аралаштыруу керек. Даяр болгон масканы бетке сүйкөп, 10-15 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен жууп коюңуз. Мындай маска териңизди серпилгич кылат. Андан тышкары терини агартуучу касиетке да ээ. Аптасына 1 ирет жасалат.

Майлуу териге маска
3 аш кашык эзилген кокон гиласка 3 аш кашык кулпунайды кошуп, жакшылап эзип алыңыз. Эми бетиңизге сүйкөп, кургай баштаганда (5-10 мүнөт) жүзүңүздү жылуу суу менен жууп, аарчыбастан кургатып алыңыз. Бул маска теринин тешикчелерин кичирейтип, майдын бөлүнүп чыгышын азайтат.

АШКАНАДА

Кыям
Керектелүүчү азыктар (1 литр кыямга): Кокон гиласы – 1 килограмм

  • Кумшекер – 400-500 грамм
  • Ванилин (сөзсүз эмес!) – 0,5 чай кашык

Жасоо ыкмасы:

1. Кокон гилас таза жуулуп, чоң идишке салынат.
2. Үстүнө кумшекер себилип, бир күн ты­нык­тыры­лат.Тыныккан соң ширеси бөлүнүп чыгып калганын байкоого болот.
3. Ширени бөлүп алып коюуланганча кайнатабыз.
4. Эми ширени кайрадан мөмөнүн үстүнө куюп, жай отко кайнаганча кармайбыз.
5. Кайнаган соң оттон алып, муздаганча күтүү абзел. Муздагандан кийин кайра 5 мүнөт кайнатуу керек. Муну дагы бир жолу кайталоодон кийин ысык бойдон бууга кармалган банкаларга куюп, оозун бекитип коёбуз.

ТОРТ

Керектелүүчү азыктар:

  • Катталган камыр (дүкөндөрдө сатылат) – 2 даана
  • Кокон гилас – 600 грамм
  • Каймак– 500 грамм
  • Кумшекер – 1 стакан (200-250 грамм)

Жасоо ыкмасы:

1. Жука жайылган камырды узун-узун 15 тиликчелерге бөлүп алабыз.
2. Тиликчелерге таза жуулуп, данегинен ажыратылган кокон гиласын салып, эки четин чымчып бекитүү керек.
3. Кокон гилас менен толтурулган камырлар духовкага салынып (200 градус), 15-20 мүнөт кармалат.
4. Бул учурда каймакка кумшекер кошуп жакшылап аралаштырып алабыз.
5. Эми даяр болгон камырларды алып чыгып, араларына каймак сүйкөйбүз.
6. Тортко форма берүү үчүн пирамидадай кылып тизүү зарыл. Андан соң сыртына каймактан калыңыраак сүйкөйбүз.
7. Даяр болгон тортту муздаткычка салып бир күн кармоо абзел. Эртеси үстүн кооздоп дасторконго коё берүүгө болот.

КОМПОТ

Керектелүүчү азыктар:

  • Кокон гилас – 900 грамм
  • Кумшекер – 300 грамм
  • Суу – 1 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Таза жуулган гилас банканын түбүнө салынат.
2. Кумшекерди сууга салып, кайнаганча тынымсыз аралаштыруу менен сироп жасап алуу керек.
3. Даяр болгон сиропту гилас салынган банкага (оозуна 10-15 миллиметр жеткирбей) акырындык менен куюу абзел.
4. Эми кенен идиштеги кайнап жаткан сууга банка жана банканы беките турган капкакты салып, 10-15 мүнөт кайнатабыз.
5. Банканы капкак менен бекитип, оозун ылдый каратып көмкөрөбүз. Муздагандан кийин салкын жерде сакталат.

Канымжан Усупбекова
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кокон гилас анемиядан арылтат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ROZI
2012-06-04 14:43:25
Алчабы (вишня)?
0
Rohan_Umar
2012-06-04 16:03:38
Жоок гилас
0
saltu25
2012-06-05 14:19:35
Черешня
0
ajieva90
2012-06-08 10:27:19
Kokon gilars
0
Rostov-on-Don
2012-12-13 01:03:24
Таласта алча дешет
0
Uzakova.Z.A
2015-11-10 20:55:01
Алча башка бул башка
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан