КАРАКОЛ ШААРЫНДА ЧЕК АРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ысык-Көл

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы чек ара кызматынын түзүлгөнүнө быйыл 13 жыл толуп отурат. Ушуга байланыштуу Ысык-Көл облмамадминистрациясынын, Каракол шаардык мэриясынын, облустук күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, чек арачылар жана жаш жоокерлердин ата-энелери катышкан салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул бөлүктүн офицерлерин, жоокерлерин, ант берип, эл-жерин коргоо үчүн кызмат өтөөгө белсенишкен жаш жоокерлерди чек арачылардын күнү менен облус губернатору Мирбек Асанакунов, Каракол шаарынын мэри Ишен Өмүрканов жана 2028-аскер бөлүгүнүн саркери, полковник Жолдошбек Сариев куттукташты. Ошондой эле чек ара кызматында өз милдеттерин мыкты аткарган офицерлерге, прапорщиктерге, катардагы жоокерлерге обладминистрациянын атынан даярдалган Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Айзат Анарбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан