Ысык-Көл
24-май күнү Каракол шаарында жайгашкан К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда “Ысык-Көл периси жана мырзасы-2012” сынагы болуп өттү. Сынакка жалпысынан жашы 17ден жогору болгон 12 бийкеч жана 12 мырза катышып, күч сынашты. “Сулууга кимдер гана суктанбайт” демекчи, сулууларды колдоп келген көрүүчүлөрдүн саны залдын 100 пайызын түздү. Алып баруучулук милдетти актёр Нурдөөлөт Копоев аркалады. Бийкечтердин бири ак куудай керилип басса, дагы бири жылдыздуу жүзү менен, башкасы ийиле бийлеп көрүүчүлөрдү өзүнө тартты. Алардан кем калбаган мырзалар да өз өнөрлөрүн жалпыга көрсөтө алышты. Калыстар тобунун жыйынтыгында “Ысык-Көл периси-2012” наамына Барскоон айылынан келген 20 жаштагы Искендербек кызы Адиа ээ болуп, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алды. Ал эми “Ысык-Көл мырзасы-2012” наамы Айтбек Ишенбековго буюруп, губернатордун атынан 25 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Башка катышуучулар да диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.