Бул жылы “МузТВ” телеканалынын сыйлык тапшыруу аземи чыр-чатактары менен эсте калмай болду. Анткени мурда бул салтанатты Ксения Собчак да алпарып жүрсө, бул жылы аны тизмеден себепсиз эле чыгарып коюшкан. Буга Ксениянын оппозициялык көз караштары себеп болушу мүмкүн экендиги да айтылууда. Ксенияны жактаган Андрей Малахов да алпаруучулуктан баш тартып, анын ордуна Вячеслав Манучаров кошулду. Ошентип, 1-июнда өтө турган аземди Лера Кудрявцева, Максим Галкин жана Вячеслав Манучаровдор алпарышат.