«ТАМАШОУНУН» АРЫ ЖАГЫНДА» КАНДАЙ СЫРЛАР БАР?

Куудулдук жайы бар жаштарды бир түндүк алдына бириктирген “тамашоучулар” кичинекей наристеден тарта эңкейген карыга чейин көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айлана алды. Андыктан алардын сахна артында кандай жашаары ар бирибизди кызыктырарын эске алып, Эрмек Нурбаев менен Эрнест Абдыжапаров тасма тартышты. Тасма дал ушундай аталат – “Тамашоунун” ары жагынан”. 1-июндан тарта Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

“ТАМАШОУНУН” АРЫ ЖАГЫНАН”

Режиссёру – Эрнест Абдыжапаров.
Продюсери – Эрмек Нурбаев.
Жанры – Даректүү тасма.
Убактысы – 1 саат 15 мүнөт.
Тартуу убактысы – 3 ай.
Сарпталган каражат – 10 миң доллар.

ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ СӨЗҮНӨН ЖАҢЫЛГАН
Кээде сүйүнүп кетип, кубанычтан улам ойдо жок нерсени айтып, сөз берип алган учурлар болот. Эрнест Абдыжапаров да дал ушундай окуяга туш болгонун айтат. Алгач “Тамашоуго” калыс катары чакырылып жүргөн режиссёр бир жолу ага сөз келгенде “мен силерге тасма тартып берем” деп оозунан жаңылган экен. Бирок ал учурда “Тамашоу” тууралуу тасма тартуу үч уктаса түшүнө кирбептир. Кантсе да кийинчерээк сөзүнө туруп, минтип жаңы тасма жаралып отурат.
“Тасманы кантип тартыш керек?” деп көпкө ойлонуп отурдум. Бир учурда “Алардын ары жагында жашоо кандай?” деген суроо туулду. Өзүм да кезегинде КВНде ойноп калгандыктан, тамаша табуу канчалык кыйын экенин билем. Оюмду Эрмек жактырды. Ошентип, тасма жаралып калды”,- дейт режиссёр.

“АК КЕМЕ” ТАРЫХТА КАЛАТ
Негизи, көркөм тасмада алдын ала сценарий жазылып, ошого жараша иштейт эмеспи. Ал эми бул тасмада сценарийсиз иштөөгө туура келген. Ар бир команданын жашоосун бир күндөн тартып алып, аны кесип-кошуп тасмага айлантышкан. Кээде эртеден кечке жүрүп, керектүү кадрлар аз чыгып калган учурлар да болгон.
Тасмада ар бир оюнга чыгар алдындагы даярдыктар, балдардын жашоо-шарты көрсөтүлөт. Мисалы, “Чез”, “Моника Беллуччи” кеңседе тамаша жаратышса, “Ак-Өргө city” Ак-Өргөдөгү бир үйдө даярданышат. Бир команда машина менен шаардын көчөлөрүндө жүрсө, экинчиси ылай кечип жөө жүрөт дегендей. Мунун баары салыштыруу эмес, алардын чыныгы жашоосу. Баарыңар кабардар болгондой, тасманын аягы “Ак кеме” командасынын жеңиши менен бүтөт. “Ак кеме” “Тамашоунун” 4-сезонунун гана чемпиону эмес, тасманын да тарыхында чемпион болуп кала турган болду. Тасманын экинчиси чыгып калышы мүмкүн экенин режиссёр кыстара кетти.

“БИЗ МАСЛЯКОВго ИДЕЯ ЫРГЫТЫП ЖАТАБЫЗ”
“Чындыгында, бул тасманы Александр Масляков тартса жакшы болмок. Анткени КВНдин 50 жылдык тарыхы бар. “Тамашоу” – КВНдин кыргызчасы. Масляков тартса, дүйнө жүзүнүн жарымы көрө турган тасма болор эле. Күйөрмандары дегеле көп. Сериал кылып тартса да боло турган иш. Биздин бул тасмабыз Масляковго да идея болуп бериши мүмкүн. Балким, эмки жылы Сочиге барып калсак, Масляковго ушул тасманы берип келебиз”,- дейт долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев. Тасма ойлогонундай чыгып, бирок атайын эле бир аз жетишсиз кылып коюшканын айтат ал. Анткени көрүүчүлөр тоюп, “аа, болду” деп отуруп калбай, “ой, бүттүбү?”, “жакты, бирок жетишпей калды” деген тондо бүтүш керек дешет тартуучу топ.

Эрнест Абдыжапаров: “ТАСМАНЫН САУНДТРЕГИ – МАНАС АТАНЫН РУХУ КОЛДОЙ ТУРГАН ЫР“
– Тартып бүтүп, монтаждап жатып бул жерге саундтректин жетишпей жатканын түшүндүм. Ал менин оюмда патриоттук, кыргыздын жүрөгүн титирете турган ыр болчу. Издеш керек, жок болсо жаздырыш керек дедим. Ошонун эртеси эле күнү, Кудай жиберип койгонсуп, Батма деген ырчы кыз келип, “Эрнест байке, ыр жаздырдым эле, карап көрүңүзчү” деп калды. Уксам, мен издеп жүргөн ыр экен. Батма менен макулдашып, ырды тандап алдык. Ыр ааламдан түшкөн нур сыяктуу, сөздөрү да өзгөчө керемет. Кыргыздын байыркылыгын даңазалаган, Манас атабыздын руху колдой турган ыр. “Келгиле, Күн балдары, биригели. Бир өзөккө, бир жанга, нурга толгон бир адамга” деген саптар бар. “Нур”деген сөздү Нурбаев деп, Эрмектин тегерегине Күн балдарынын чогулуп жатканын түшүнсө болот. Сөздөрү да тасмага таамай келген чыгарма.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ROZI
2012-06-04 15:15:49
Негизи "Тамашоу" - мыкты проект!
Дагы да жаныланып, жакшы идеялар кобоё берсин!
0
AFRODITA-89
2012-06-04 15:35:04
"Тамашоу" копчулуктун суймончулугуно ээ алар сонун кызыктарды жаратып элдин конулун алууда эми болсо мынтип киного да тартылганы жетишиптир. Кыргыздын атагын алыска да чыгарып келишет ТАМАШОУчулар силер биздин сыймыгыбызсынар азаматсынар!!! АЛГА!!!
0
Ernees
2012-06-04 23:24:55
Азаматтар
0
Karyusha
2012-06-05 20:48:22
uwu sauntrek yrdy kirgizip koigula4y,suranych.Batma degen ayim yrdaut eken go ?
0
strangergirl
2012-06-09 11:28:57
Кызыгып жатам, коргум келип жатат аябай....
0
Titi
2015-11-15 17:40:30
Баягы эле но нейм жок бул тасмада? Алар эмне асмандан туштубу? Оштон келии ойноп кетишип жургон аларды неге кошпойсунар. Согуп согуп таштагын келет кой дейсин
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан