Май айынын жыйырмасында Кыргызстанда көптөгөн апалар Энелер күнүн майрамдашты. Сүйүктүү балдары энелерине гүл, ар кандай белек беришсе, алыстагы балдары телефон чалып куттукташты. Ал эми бул майрамдан эки күн мурун Аламүдүн районунун бир айылында өз уулунун колунан ажал тапкан эненин сөөгү табылып отурат.
ТЕМИР ЧЕЛЕКТИН ИЧИНЕН ТАБЫЛГАН ӨЛҮК
Коомчулуктун денесин дүркүрөткөн бул окуя Аламүдүн районуна караштуу Заречное айылында өткөн жылдын ноябрь айында болуптур. 18-майда аталган айылдагы үйдө эки айдан бери батирде жашап жаткан жубайлар үйдү оңдоп алууну чечишет. Үй-бүлө башчысы короодо жөн эле жаткан 200 литрлик темир челекти курулуш иштерине пайдалангысы келип, цемент куюлган темир челектин ичин жарганда чыккан жагымсыз жыт мурдун өрдөп кеткен. Ичиндеги цементти төккөн учурда катып калган цементтин арасынан кишинин денеси чыгат. Дене көптөн бери жаткандыктан, жыттана баштаган экен. Алар ошол замат Таш-Дөбө айылдык милиция бөлүмчөсүнө кайрылышат. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу келип, иликтөөнү баштайт. Иликтөө иштери учурунда табылган дене мурун ушул эле үйдө уулу менен батирде жашаган 47 жаштагы Наталья Муллаяновага тийиштүү экендиги аныкталат.
Дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын денесинде көптөгөн жарааттар бар экендигин аныктаган. Коңшуларынан сурамжылоо жүргүзүү учурунда алар бул аялды өткөн жылдын күз айларынан бери көрбөгөнүн, Натальянын уулу апасын “Орусияга кетип калган” деп айтканын билдиришкен. Иликтөө учурунда Натальянын 31 жаштагы Максим аттуу уулу селсаяктык жашоо кечирип, 2 айдан бери көрүнбөй кеткени билинген. Ага издөө жарыяланып, 6 күндөн кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен кармалган. Аны милиция кызматкерлери биринчи суракка алган учурда эле омурткасы сыздап, жан кейиткен толгоого чыдап, жарык дүйнөгө алып келип, түйшүк менен чоңойткон апасын өлтүргөнүн мойнуна алган.
БАЛТА МЕНЕН БАШКА ЧАПКЫЛАЙ БЕРГЕН
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүдөй болгон: Наталья Муллаянова уулу Максим менен Орусиянын Москва шаарынан көчүп келип, Заречное айылында 10 жылдан бери жашап жүрүшкөн. Максим Бишкек шаарында төрөлүп, кийин Орусияга кетип калышкан да, кайра кайтып келишиптир. Ошентип, апасы экөө 2007-жылы Ысык-Ата районунун Кант шаарынан жарандык паспорт алышкан.
Айыпталуучунун айтымында, өткөн жылдын ноябрь айында Максим апасы экөө үйдө отуруп кечке жуук урушуп кетишкен. 30 жашка чыкса да эч жерде иштебей жүргөн баласына акыл айтса, мүмкүн, анысы уулуна жакпай калгандыр. Максим ачуусу менен апасын бетке муштуму менен уруп жибергенде Наталья жыгылып калат. Максим жерде жаткан балтаны алып келип, энесинин бетин чапкылап кирген. Ошентип, байкуш эне өз уулунун колунан ажал таап, түбөлүк уйкуга кеткен. Балта менен бетке чаба бергендиктен, эненин бети тамтыгы жок, жарымы гана калган. Эсине келген Максим эмне кыларын билбей, энесинин өлүк денесинин жанында жашап жүргөн. Бул ортодо арак ичип жүрө берген да, 3-күнү короодо турган темир челекке апасын салып, үстүн цементтеп таштаган. Андан кийин үй ичиндеги буюмдарды, идиш-аяктан бери базарга алып барып сатып жиберген. Көп ичип жүрүп, акыры селсаяк болуп кетип, Бишкек шаарынын ар кайсы жерлеринде күн кечирип калган.
“АПАСЫН ӨЛТҮРГӨНДӨН КИЙИН СЕЛСАЯК БОЛУП КЕТКЕН”
Аламүдүн РИИБинин оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн из кубары Сталбек Сейтказиев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 18-майда саат 11лерде Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз аялдын денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон Заречное айылына опертоп барганыбызда киши колдуу болуп каза болгон аялдын денеси бар экен. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Каза болгон аялдын өздүгү аныкталып, ал ушул эле үйдө батирде жашаган 1965-жылы туулган Наталья Муллаянова экендиги билинди.
Ал эми 1981-жылы туулган баласы Максим Муллаянов 2 айдан бери ал даректе жашабай калыптыр. Ага кылмышка шектүү катары издөө жарыялаганбыз. Издөө жарыялангандан 6 күндөн кийин селсаяк болуп жүргөн жеринен Максим Муллаянов Бишкек шаарынан кармалган. Биринчи эле суракта ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, апасын кантип, эмне себептен өлтүргөндүгүн, мындан сырткары үй буюмдарын кай жакка алып барып сатканынан бери көрсөтүп берди. Учурда Максим Муллаянов СИЗОдо, тергөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg