КУУРЧАК ТЕАТРЫНАН БАЛДАРГА БЕЛЕК

Муса Жангазиев атын­дагы Куурчак театры 30-май күнү 1-Июнь – Бал­дарды коргоо күнүнө арналган кай­рымдуулук маараке­син өткөрдү. Балдарга ар­налып уюштурулган бул кайрымдуулук ке­чеге Токмок шаардык социалдык коргоо баш­кармалыгынан, Бишкек шаардык со­циалдык баш­кар­ма­лыгынан жана “Жа­ңыртуу” коомдук ую­му­нан мүмкүнчүлүгү чек­телген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр­дөн 187 бала келип ка­тышты. 45 мүнөттүк оюн-зооктордон соң балдарга таттуу ши­ре­лер бекер таратылып, театрдын чоң залында “Шайыр достор” бал­дар спектакли тартууланды. Бул мааракени театрдын кызматкерлери бир күн­дүк маянасын чогултуп кар­жылашыптыр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurbek_posol
2012-06-05 17:51:01
Азаматсыздар ! Ийгилик каалаймын !
0
kadam
2012-06-08 22:17:57
Чындыгында бул иш-чараны абдан жакшы уюштурушуптур.Турмушунан кыйналган балдарга кайталангыс майрам тартуулашты.Биз дагы ойлонуп калганбыз,кимдин демилгеси менен ишке ашты экен деп? Чон рахмат театрдын эмгек жамаатына.Ишинерге ийгилик!
0
№ 500, 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан