30-майда Бишкекте Борбордук Азия аймагындагы 3-эл аралык көчө театрынын фестивалы аяктады. Бул фестиваль Борбордук Азия аймагындагы ар кандай театр маданияттарынын чыгармачылык байланышын кеңейтүүнү максат кылат. Аталган иш-чаранын уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, “Ак кайың” аттуу жаш таланттарды колдоо, улуттук искусство менен маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду. Фестивалдын жыйынтыгында катышуучулар атайын диплом, сувенирлер менен сыйланышты.