Аталган сынак дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган кыргыз кыздарынын катышуусунда болгон. Сулуулар сынагынын уюштуруучулары – Москвадагы кыргыз тилинде чыкчу гезит жана коомдук уюмдар. Кечени Ассоль Молдокматова менен Арстанбек Абдыманов алып барышкан. Сынак 5 номинациядан туруп, анын жеңүүчүсү Асел Мамбетбаева аталып, Дубайга эс алууга жолдомо утуп алды.