7 жашар Зухраб Бейшекеев Украинада болуп өткөн «Украина – менин таланттарым» деген сынакка катышып, сынактын жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жаткан мезгили. «Аккан арыктан суу агат» демекчи, Зухрабдын атасы – Ысык-Көл облусуна таанымал ырчы Руслан Бейшекеев. Зухраб "мен атамдай ырчы болбостон, бий жагын өздөштүрөм" деп 5 жашынан баштап Майкл Жексонду туурап бийлейт. Ушуга дейре ага эч ким атайын бийлегенди үйрөткөн эмес, болгону, атасы Руслан Майкл Жексондун дисктерин сатып келип берчү. Зухрабдын атасы “Украинадан жеңишке жетпей калсак дагы капа болбойбуз. 7 жашар баланын чет өлкөдө ошондой чоң сынакка катышканы эле чоң сыймык. Мен уулума продюсер издеп убара тартпайм, анын келечеги үчүн ата катары да, продюсер катары да өзүм аракет жумшайм” деп белгилейт.