Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 37-51-чакырымдар аралыгы убактылуу жабылды. 30-май күнү аталган аймакта сел жүрүп, үйлөрдү суу каптаган. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен жарандык коомдун комиссиясы иш алып барууда.